Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагында жайгашкан жерлерди берүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 5-сентябры № 609 Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагында жайгашкан жерлерди берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 92-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагындагы Аламүдүн суусунун суу коргоо зонасында жайгашкан, суу фондунун жерлерине кирген 0,50 га башка жерди балык чарбасын ж үргүзүү үчүн 49 жыл мөөнөткө убактылуу пайдаланууга Кыргыз Республикасынын жараны Коеналиева Алмагүл Кармышевнага берүү жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогу ижара шартында 49 жыл мөөнөткө убактылуу пайдаланууга Кыргыз Республикасынын жараны Коеналиева Алмагүл Кармышевнага берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын жараны А.К.Коеналиеванын Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагы менен жер участогуна ижара келишимин түзүүсүн; бөлүп берилген жер участогундагы экологиялык жана техникалык коопсуздук бөлүмүндө эксперттик корутундулары менен тиешелүү долбоордук документтерди иштеп чыгууну.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу
А. Карашев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон