Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Т.Океев атындагы „Кыргызфильм“ улуттук киностудиясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана өлчөмдөрү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 5-сентябры № 608
Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары
жана өлчөмдөрү жөнүндө
Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу жогорку көркөм деңгээлдеги киноискусство чыгармаларын түзүүдө Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын кызматкерлеринин ишине дем берүү жана чыгармачылык жана кесиптик демилгелерин өнүктүрүү, ишинин натыйжалуулугун жана материалдык кызыкчылыктарын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын көркөм-өндүрүштүк жана көркөм-аткаруучулук кызматкерлеринин маяналары 1-тиркемеге ылайык;
- Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын көркөм-өндүрүштүк жана көркөм-аткаруучулук кызматкерлерине коюучу сый акылардын өлчөмдөрү 2-тиркемеге ылайык;
- автордук чыгармаларды пайдалануу укугуна автордук сый акылардын өлчөмдөрү 3-тиркемеге ылайык.
2. Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөөрү белгиленсин:
- эмгек өргүүсүнө чыгууда - ден соолугун чыңдоого эмгек акынын эки айлык фондунун өлчөмүндөгү жөлөкпул;
- календарлык жылдын акырында - эмгек акынын орточо айлык фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-октябрындагы № 690 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кинематографиясында иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жана өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-9-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- аталган токтомдун 1-14-тиркемелери күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу
А. Карашев
1-тиркеме
Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясынын
көркөм-өндүрүштүк жана көркөм-аткаруучулук кызматкерлеринин КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ
I. Көркөм-өндүрүштүк кызматкерлери
| Кызматтардын аталышы | Көркөм фильмдер (сом менен) | Даректүү фильмдер (сом менен) |
|---|---|---|
| Кинорежиссер-коюучу: жогорку категориядагы; биринчи категориядагы; экинчи категориядагы | 13000 12000 11000 | - - - |
| Кинорежиссер: жогорку категориядагы; биринчи категориядагы | - - | 11000 10000 |
| Экинчи кинорежиссер: жогорку категориядагы; биринчи категориядагы; экинчи категориядагы | 11000 10000 9000 | - - - |
| Мультипликациялык фильмдердин кинорежиссеру: жогорку категориядагы; биринчи категориядагы; экинчи категориядагы | 12000 11000 10000 | - - - |
| Монтаж боюнча кинорежиссер: жогорку категориядагы; биринчи категориядагы; экинчи категориядагы | 11000 10000 9000 | - - - |
| Кинооператор-коюучу (башкы кинооператор): жогорку категориядагы; биринчи категориядагы; экинчи категориядагы | 12000 11000 10000 | - - - |
| Кинооператор: жогорку категориядагы; биринчи категориядагы | - - | 10000 9000 |
| Экинчи кинооператор: жогорку категориядагы; биринчи категориядагы; экинчи категориядагы | 10000 9000 8000 | - - - |
| Кинорежиссердун, кинооператордун ассистенти жана башка аталыштардагы ассистент | 7000 | 7000 |
| Декорациялар, костюмдар, мультипликациялык фильмдер боюнча сүрөтчү-коюучу: жогорку категориядагы; биринчи категориядагы; экинчи категориядагы | 12000 11000 10000 | - - - |
| Башка адистиктеги сүрөтчү (гримдөөчү, декоратор, мультипликатор, модельер, фотограф жана башкалар): жогорку категориядагы; биринчи категориядагы; экинчи категориядагы | 10000 9000 8000 | - - - |
| Үн режиссеру: жогорку категориядагы; биринчи категориядагы | 11000 10000 | - - |
| Үн оператору: биринчи категориядагы; экинчи категориядагы | 10000 9000 | 10000 9000 |
| Продюсер | 13000 | - |
| Аткаруучу продюсер - жогорку категориядагы кино тартуучу топтун директору | 12000 | 11000 |
| Кино тартуучу топтун директору: биринчи категориядагы; экинчи категориядагы | 11000 10000 | 10000 9000 |
| Кино тартуучу топтун директорунун орун басары: биринчи категориядагы; экинчи категориядагы | 9000 8000 | - - |
| Кино тартуучу топтун улук администратору | 7000 | 6000 |
| Кино тартуучу топтун администратору | 5000 | - |
| Текстти коюучу | 7000 | - |
II. Көркөм-аткаруучу кызматкерлер
| Кызматтардын аталышы | Кино тартуу күнүндөгү тарифтик ставка (сом менен) |
|---|---|
| Киноартисттер: башкы роль; экинчи роль; эпизоддук роль; топтук кино тартуунун актер-аткаруучулары; массалык кино тартуунун актер-аткаруучулары | 1000 900 800 500 250 |
2-тиркеме
Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук
киностудиясынын көркөм-өндүрүштүк жана көркөм-аткаруучулук кызматкерлеринин коюучу СЫЙ АКЫЛАРЫНЫН ӨЛЧӨМДӨРҮ
I. Көркөм жана мультипликациялык фильмдерди түзгөндүгү
үчүн коюучу сый акынын өлчөмдөрү (сом менен)
| Кызматы ├───────┬───────┬───────┬───────┬─────────┤ | Төмөнкү көлөмдөгү кинофильмдер үчүн: (хронометраж менен) 10 мүнөткө чейин | 20 мүнөткө чейин | 30 мүнөткө чейин | 40 мүнөткө чейин | толук метраждуу |
|---|---|---|---|---|---|
| Кинорежиссер - коюучу | 41000 | 51200 | 64000 | 80000 | 163600 |
| Кинооператор - коюучу | 32800 | 41000 | 51200 | 64000 | 130880 |
| Сүрөтчү - коюучу | 26200 | 32800 | 41000 | 51200 | 104700 |
| Кинорежиссер | 26200 | 32800 | 41000 | 51200 | 104700 |
| Костюмдар боюнча сүрөтчү | 21000 | 26200 | 32800 | 41000 | 83750 |
| Актер-башкы ролду аткаруучу | 7600 | 9500 | 11900 | 14900 | 61300 |
| Үн оператору, үн режиссеру | 21000 | 26200 | 32800 | 41000 | 83750 |
| Продюсер | - | - | - | - | 163600 |
| Аткаруучу продюсер, кино тартуу тобунун директору | 26200 | 32800 | 41000 | 51200 | 104700 |
II. Даректүү фильмдерди түзгөндүгү үчүн коюучу сый акылардын өлчөмдөрү (сом менен)
| Кызматы ├───────┬───────┬───────┬───────┬─────────┤ | Төмөнкү көлөмдөгү кинофильмдер үчүн: (хронометраж менен) 10 мүнөткө чейин | 20 мүнөткө чейин | 30 мүнөткө чейин | 40 мүнөткө чейин | толук метраждуу |
|---|---|---|---|---|---|
| Кинорежиссер | 34000 | 42400 | 53000 | 66250 | 68000 |
| Кинооператор | 23800 | 33900 | 42400 | 53000 | 54400 |
| Сүрөтчү - коюучу | 19000 | 27100 | 33900 | 42400 | 43500 |
| Үн оператору | 19000 | 27100 | 33900 | 42400 | 43500 |
| Фильмдин директору | 19000 | 27100 | 33900 | 42400 | 43500 |
3-тиркеме
Автордук чыгармаларды пайдалануу укугу үчүн автордук СЫЙ АКЫЛАРДЫН ӨЛЧӨМДӨРҮ
I. Көркөм фильмдер үчүн адабий сценарийди жазгандыгы үчүн
автордук калем акынын өлчөмдөрү (сом менен)
| Төлөө тартиби ├───────┬───────┬───────┬───────┬─────────┤ | Автордук калем акынын өлчөмдөрү: (хронометраж менен) 10 мүнөткө чейин | 20 мүнөткө чейин | 30 мүнөткө чейин | 40 мүнөткө чейин | толук метраждуу |
|---|---|---|---|---|---|
| 1. Оригиналдуу адабий сценарий үчүн жана жарыяланган адабий чыгармалардын мотивдери боюнча жазылган сценарийге | |||||
| Автордук калем акы - жалпы суммасы: | 41000 | 51200 | 64000 | 80000 | 163600 |
| анын ичинде: | |||||
| - сценарийди режиссердук иштеп чыгууга фильмди берүү (50 %) | 20500 | 25600 | 32000 | 40000 | 81800 |
| - даяр фильмди кабыл алууда(50 %) | 20500 | 25600 | 32000 | 40000 | 81800 |
| 2. Жарыяланган адабий чыгармаларды экрандаштыруу үчүн жазылган сценарийге | |||||
| Автордук калем акы - жалпы суммасы: | 27200 | 34000 | 42600 | 53200 | 109000 |
| анын ичинде: | |||||
| - сценарийди режиссердук иштеп чыгууга фильмди берүү (50 %) | 13600 | 17000 | 21300 | 26600 | 54500 |
| - даяр фильмди кабыл алууда (50 %) | 13600 | 17000 | 21300 | 26600 | 54500 |
II. Кыска метраждуу мультипликациялык кинофильмдер үчүн адабий сценарийлерди жазгандыгы үчүн автордук калем акынын өлчөмдөрү (сом менен)
| Төлөө тартиби ├───────────┬───────────┬───────────┤ | Автордук калем акынын өлчөмдөрү: (хронометраж менен) 10 мүнөткө чейин | 20 мүнөткө чейин | 30 мүнөткө чейин |
|---|---|---|---|
| Оригиналдуу адабий сценарийлер жана адабий чыгармаларды экрандаштыруу үчүн жазылган сценарийлерге | |||
| Автордук калем акы - жалпы суммасы: | 21000 | 26200 | 32800 |
| анын ичинде: | |||
| - сценарийди режиссердук иштеп чыгууга фильмди берүү (50%) | 10500 | 13100 | 16400 |
| - даяр фильмди кабыл алуу (50%) | 10500 | 13100 | 16400 |
III. Даректүү фильмдер үчүн адабий сценарийди жазгандыгы үчүн автордук калем акынын өлчөмдөрү (сом менен)
| Төлөө тартиби ├───────┬───────┬───────┬───────┬─────────┤ | Автордук калем акынын өлчөмдөрү: (хронометраж менен) 10 мүнөткө чейин | 20 мүнөткө чейин | 30 мүнөткө чейин | 40 мүнөткө чейин | толук метраждуу |
|---|---|---|---|---|---|
| Илимий-популярдуу жана хроникалык-документ фильмдер үчүн сценарийлерге | |||||
| Автордук калем акы - жалпы суммасы: | 34000 | 42400 | 53000 | 66200 | 68000 |
| анын ичинде: | |||||
| - сценарийди режиссердук иштеп чыгууга фильмди берүү (50%) | 17000 | 21200 | 26500 | 33100 | 34000 |
| - даяр фильмди кабыл алуу (50%) | 17000 | 21200 | 26500 | 33100 | 34000 |
IV. Кинофильмдер үчүн атайын жазылган оригиналдуу музыканын авторлоруна калем акынын өлчөмдөрү (сом менен)
| Аталышы ├──────────────────────────┬───────────────────┤ | Оригиналдуу музыканын 1 пайдалуу мүнөттө жаңыргандыгы үчүн акы төлөө "А" тобу - өтмө драматургиялык өнүктүрүү менен полифониялык, симфониялык жана хор музыкасы үчүн | "Б" тобу - "А" тобуна киргизүүгө мүмкүн болбогон музыка үчүн |
|---|---|---|
| 1. Көркөм фильмдер: | ||
| Композитордун калем акысы | 2200 | 1600 |
| 2. Даректүү фильмдер: | ||
| Композитордун калем акысы | 870 | 650 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.