# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 605 " Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 605 " Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 605
- Кабыл алынган күнү: 04.09.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.09.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93031>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15049/edition/490094/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93031.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.09.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 605 " Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтому (04.09.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93031

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 4-сентябры № 605 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Казыналыгынын негизги жоболору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик финансыны башкарууда реформаларды мындан аркы сапаттуу жүргүзүү, ошондой эле Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планына жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду натыйжалуу жана тез киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү боюнча ыйгарым укуктар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөрүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө тапшырылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу

А. Карашев
