# "Мамлекеттин менчигине айланган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 604 токтому

- Толук аталышы: "Мамлекеттин менчигине айланган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 604 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 604
- Кабыл алынган күнү: 04.09.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.09.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93030>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15048/edition/1144078/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93030.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.09.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Мамлекеттин менчигине айланган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 604 токтому (04.09.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93030

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 4-сентябры № 604 Мамлекеттин менчигине айланган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы N 961 "Кыргыз Республикасынын бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Бажы режимдерин колдонуу боюнча нускаманын 200-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын Элчилигинин арызынын негизинде "Хундай Сантафе" маркасындагы 2011-жылы чыккан, кыймылдаткычы NG6DСВА760817, кузову NКМНSН81GDCU835242 жана "Хундай Н-1" маркасында 2010-жылы чыккан, кыймылдаткычы NG4КGАА589668, кузову NКМНWН81RBBU316729 автоунааларын мамлекеттин пайдасынан баш тартуу бажы режиминде бажылык тариздөөнү жүргүзсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин "Кыргыздипсервис" дипломатиялык тейлөө боюнча мамлекеттик ишканасы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн автоунааларды бекитилген тартипте баланска кабыл алсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу

А. Карашев
