# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 600
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93026>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15044/edition/963930/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93026.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтому (30.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93026

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 30-августу № 600 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372, 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаменти жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Курулушта сертификаттоонун республикалык борбору жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;

- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372, 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак-жай-жарандык курулуш департаментин кармоо үчүн каражаттар каржыланган сумманын 2,9 пайызы өлчөмүндө "Табигый кырсыктардын кесепеттерин жок кылуу боюнча иш-чаралар" беренеси боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардан каралаары белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-октябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-ноябрындагы № 274 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту жөнүндө" токтому.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин милдетин аткаруучу

Ө. Бабанов
