# КРнын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-мартындагы № 219 "Кыргыз Республикасына импорттолуучу, баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттерин бошотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КРнын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-мартындагы № 219 "Кыргыз Республикасына импорттолуучу, баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттерин бошотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 219
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.08.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93018>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15043/edition/570681/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93018.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.08.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КРнын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-мартындагы № 219 "Кыргыз Республикасына импорттолуучу, баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттерин бошотуу жөнүндө" токтому (11.08.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93018

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-августундагы № 461 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 29-марты № 219 Кыргыз Республикасына импорттолуучу, баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттерин бошотуу жөнүндө "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдарды импорттоодо бажылык төлөмдөрдүн түшүүсүн көбөйтүү жана Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Убактылуу, 2012-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасына импорттолуучу, баалуу металлдардан жасалган зергерлик буюмдар аларда даярдоочу өлкөнүн эн тамгасы, сапат сертификаты, бажылык декларациясы болгондо жана тандап сыноочу экспертиза жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаментине ар бир партиядан буюмдардын 5 процентин бергенде апробациялоо жана эн салуу жол-жобосунан ишкердик субъекттери бошотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомду аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
