# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 232
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93014>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15040/edition/682302/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93014.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" токтому (27.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93014

---

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 5-апрели № 232 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-январындагы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын төмөнкүдөй курамы бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы, Комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссия мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министри; Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы; Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча Байкоочу кеңештин жооптуу катчысы, Комиссиянын жооптуу катчысы. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-январындагы № 4 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 45 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
