Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-04-05.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 5-апрели № 231 "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2009-ж., № 7, 751-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 29-беренесинде:
- 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ченемдик укуктук актылар "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен расмий жарыяланууга жатат.";
- 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталган мамлекеттик жана мамлекеттик эмес сырларды камтыган ченемдик укуктук актыларды кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоодо аны толук эмес берүүгө жол берилбейт.".
2. 30-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Мыйзамдын 29-беренесинде көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларды кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө киришинин милдеттүү шарты болуп саналат.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
МААЛЫМ КАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Ушул көрсөтүлгөн Мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29- жана 30-беренелерин "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Мыйзамынын жоболоруна ылайык келтирүү жана мамлекеттик сырды сактоону камсыз кылуу максатында даярдалган. Азыркы колдонулуп жаткан "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын редакциясынын 29-беренесинин 1-бөлүгүндө, ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланууга жатаары белгиленген. Ошондой эле, ушул Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүндө ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө киришинин милдеттүү шарты болуп саналат деп көрсөтүлгөн. Анда, ушул аталган Мыйзамынын 29-беренесинин 5-бөлүгүндө, мамлекеттик жашыруун сырды камтыган маалыматтарды кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоодо аны толук эмес берүүгө жол берилбейт деп аныкталган. Бирок, ошону менен бирге, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык, мамлекеттик жашыруун сыры Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырдын бир категориясы болуп саналганын билдирип кетүү зарыл. "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыры: мамлекеттик, аскердик, кызматтык болуп үч категорияга бөлүнөт. Жайылтып жиберүүдөн улам Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыгына өтө оор залал келтирүүчү маалыматтар мамлекеттик маалыматтарга кирет. Аскер сырын аскердик мүнөздөгү маалыматтар түзөт, аны жайылтуу Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнө жана кызыкчылыгына зыян келтириши мүмкүн. Жайылтып жиберүүдөн улам Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына терс таасирин тийгизүүчү маалымат кызматтык маалыматка кирет. Мындай маалымат мамлекеттик же аскердик сырга кирген, айрым маалымат түрүндө болот жана аларды толук ачпайт. Ошондой эле, ушул аталган Мыйзамдын 6-беренесине ылайык, мамлекеттик эмес сырга: коммерциялык, кызматта пайдалануучу маалыматтар, басма сөзгө жарыяланбай турган, тергөөнүн сыры, врачтык, жеке сыр жана сырдын башка түрлөрү кирет. Ошентип, жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдардын жоболорун талдап, бүгүнкү күндө, чындыгында, мамлекеттик жашыруун сырды камтыган маалыматтары бар болгон ченемдик укуктук актылары гана, расмий жарыялоого толук эмес берүүгө жол берилген. Анда, башка мамлекеттик сырдын категориялары жана ошондой эле, мамлекеттик эмес сырлары бар болгон ченемдик укуктук актыларына "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын, расмий жарыялоонун тартибинин жалпы талаптары таасир этүүдө. Ошентип, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Мыйзамдын, белгиленген сырлардын түрлөрү бар болгон документтердин категорияларын жана мамлекеттик эмес сырларын аныктаган жоболорун эске алып, ошондой эле, жашырын маалыматтарды ачыкка чыгаргандык үчүн, ал менен бирге аларды жарыялоо үчүн да жана аталган Мыйзамдын башка талаптарын бузгандык үчүн күнөөлүү адамдар, келтирилген зыяндын оордугуна карата Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык кылмыш, административдик, тартип жоопкерчилигине тартылыштыгын эске алуу менен ушул көрсөтүлгөн мыйзам долбоорунда "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 29-берененин 1- жана 5-бөлүктөрүнүн жана ошондой эле 30-берененин 1-бөлүгүнүн жаңы редакциялары сунушталынат. Аталган Мыйзамдын 29-беренесинин 1-бөлүгү менен ченемдик укуктук актылар, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Мыйзамы менен белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен расмий жарыяланууга жатаарын белгилөө каралган. Ошого байланыштуу, ушул Мыйзамдын 29-берененин 5-бөлүгүнүн жаны редакциясы менен, Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө мыйзамдары менен аныкталган мамлекеттик сырларды жана мамлекеттик эмес сырларды камтыган ченемдик укуктук актыларды кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоодо аны толук эмес берүүгө жол берилбей тургандыгын аныктоо сунушталган. Ошол менен бирге, аталган Мыйзамдын 30-берененин 1-бөлүгүндө, ушул Мыйзамдын 29-беренесинде көрсөтүлгөн ченемдик укуктук актыларды кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө киришинин милдеттүү шарты болуп саналат деп калды. Жогоруда баяндалганды эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын 2012-жылдын 16-январындагы № 24-114 тапшырмасын ишке ашырууда, ушул Мыйзам долбоору иштелип чыгууда. Мындан тышкары, улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин талдоонун натыйжасында ушул мыйзам долбоорунун ченемдери колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбейт. Ошондой эле, бул Мыйзам долбоору ченем жаратуучу органдын расмий сайтында коомдук талкуудан жана мамлекеттик органдар менен макулдашуудан өттү. Ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы каражаттарын талап кылбай тургандыгын жана ар кандай социалдык, экономикалык, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерин алып келбей тургандыгын кошумча иретинде белгилейбиз.
Министр
А.Шыкмаматов
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Колдонуудагы редакция | Сунушталган редакция |
|---|---|
| 29-берене. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоонун тартиби [1. Ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланууга жатат.] 2. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо деп ченемдик укуктук актылардын тексттерин Өкмөт тарабынан аныкталуучу басма сөздүк же электрондук басылмада жарыялоо жолу менен аларды жалпыга маалымдоо түшүнүлөт. 3. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде ишке ашырылат. 4. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланган датасы деп ушул акт жарыяланган басылма жарыкка чыккан күн эсептелет. [5. Мамлекеттик жашыруун сырды камтыган маалыматтарды кошпогондо, ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоодо аны толук эмес берүүгө жол берилбей.] 6. Жарыялоо жөнүндө маалымат Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилет. 7. Ченемдик укуктук актыларды башка жалпыга маалымдоо каражаттарында басып чыгарууда басылманын расмий булагына шилтеме милдетүү түрдө берилүүгө тийиш. 8. Укук колдонуу практикасында ченемдик укуктук актылардын расмий жарыяланыштары пайдаланууга тийиш. | 29-берене. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоонун тартиби 1. ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАР "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА МАМЛЕКЕТТИК СЫРДЫ САКТОО ЖӨНҮНДӨ" КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНДА БЕЛГИЛЕНГЕН ЧЕКТӨӨЛӨРДҮ ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН РАСМИЙ ЖАРЫЯЛАНУУГА ЖАТАТ. 2. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо деп ченемдик укуктук актылардын тексттерин Өкмөт тарабынан аныкталуучу басма сөздүк же электрондук басылмада жарыялоо жолу менен аларды жалпыга маалымдоо түшүнүлөт. 3. Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо мамлекеттик жана расмий тилдерде ишке ашырылат. 4. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланган датасы деп ушул акт жарыяланган басылма жарыкка чыккан күн эсептелет. 5. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА МАМЛЕКЕТТИК СЫРДЫ САКТОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ МЫЙЗАМДАР МЕНЕН АНЫКТАЛГАН МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК ЭМЕС СЫРЛАРДЫ КАМТЫГАН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫ КОШПОГОНДО, ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫ РАСМИЙ ЖАРЫЯЛООДО АНЫ ТОЛУК ЭМЕС БЕРҮҮГӨ ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ. 6. Жарыялоо жөнүндө маалымат Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилет. 7. Ченемдик укуктук актыларды башка жалпыга маалымдоо каражаттарында басып чыгарууда басылманын расмий булагына шилтеме милдетүү түрдө берилүүгө тийиш. 8. Укук колдонуу практикасында ченемдик укуктук актылардын расмий жарыяланыштары пайдаланууга тийиш. |
| 30-берене. Ченемдик укуктук актылардын күчүнө кириши (колдонулушу) 1. [Ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө киришинин милдетүү шарты болуп саналат.] 2. Эгерде мыйзамдын өзүндө же аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндөгү мыйзамда башкача каралбаса мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 3. Башка ченемдик укуктук актылар, эгерде ченемдик укуктук актынын өзүндө башкача каралбаса, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган жарыяланган учурдан тартып кеминде он беш күндөн кийин күчүнө кирет. | 30-берене. Ченемдик укуктук актылардын күчүнө кириши (колдонулушу) 1. УШУЛ МЫЙЗАМДЫН 29-БЕРЕНЕСИНДЕ КӨРСӨТҮЛГӨН ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАРДЫ РАСМИЙ ЖАРЫЯЛОО АЛАРДЫН КҮЧҮНӨ КИРИШИНИН МИЛДЕТҮҮ ШАРТЫ БОЛУП САНАЛАТ. 2. Эгерде мыйзамдын өзүндө же аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндөгү мыйзамда башкача каралбаса мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 3. Башка ченемдик укуктук актылар, эгерде ченемдик укуктук актынын өзүндө башкача каралбаса, расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар расмий жарыяланган жарыяланган учурдан тартып кеминде он беш күндөн кийин күчүнө кирет. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 28-июнундагы №2131-V "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу"…Постановление · 28.06.2012 · № 2131-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 11-октябрындагы № 2380-V "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү…Постановление · 11.10.2012 · № 2380-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 1-ноябрындагы № 2453-V "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу"…Постановление · 01.11.2012 · № 2453-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- О защите государственных секретов Кыргызской РеспубликиЗакон · 14.04.1994 · № 1476-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон