# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 229 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 229 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 229
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93011>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15037/edition/409342/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93011.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-апрелиндеги № 229 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (05.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93011

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 5-апрели № 229 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу "Карамык" өткөрүү пунктунда тиешелүү транспорттук контролдоону камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк автоташуучулардын транспорттук иштерин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов

Тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 токтомуна 3-тиркеме

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын

ТИЗМЕСИ

| № | Өткөрүү пунктунун аталышы | Өткөрүү пунктунун жайгашкан жери | Өткөрүү пунктунун├──────┬──────┬──────┬──────┬──────┤ статусу жана иштөө режими | Контролдоонун түрлөрү Чек аралык | Бажы- лык | Транс- порт- тук | Вете- ринар- дык | Фито- сани- тардык |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| 1 | Кайрагач авто жолу | Баткен обл., Лейлек р-ну (Раззаков атындагы айылдын 0,5 км батыш жагы) | Эки тараптуу, күнү-түнү | + | + | \- | + | \- |
| 2 | Кызыл-Бел авто жолу | Баткен обл., Баткен р-ну, Кызыл-Бел айылынын түштүк чети | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | \- | + | + |
| 3 | Кулунду авто жолу | Баткен обл., Лейлек р-ну, Кулунду айылынын түндүк чети | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | \- | + | + |
| 4 | Карамык | Ош обл., Чоң-Алай р-ну, Карамык айылынын түштүк-батыш чети | Эки тараптуу, сутканын күндүзгү убактысы | + | + | + | + | \- |
| 5 | Бор-Дөбө авто жолу | Ош обл., Чоң-Алай р-ну, Бор-Дөбө жери | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | \- | + | \- |

".
