Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КРнын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын күнүмдүк башкаруу органдарын (кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорун) өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 3-апрели № 224 Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын күнүмдүк башкаруу органдарын (кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорун) өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын күнүмдүк башкаруу органдарын өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын күнүмдүк башкаруу органдарын (кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорун) өнүктүрүү программасы;
- Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын күнүмдүк башкаруу органдарын (кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорун) өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын күнүмдүк башкаруу органдарын (кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорун) түзүү, өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча координациялык орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кырдаалдык залын түзүү боюнча сунуштарды 3 айлык мөөнөттө киргизсин;
- кырдаалдык борборлорду (залдарды) түзүү зарыл болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын тизмесин аныктасын;
- кырдаалдык борборлорду (залдарды) түзүү боюнча техникалык долбоорду иштеп чыгууга мамлекеттик тиешелүү органдарга эксперттик жардам көрсөтсүн;
- Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана бөөдө кырсыктардын кесепеттерин жоюу иштери боюнча министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруунун улуттук борборунун тажрыйбасын жана эксперттик жардамын эки тараптуу кызматташтыктын алкагында пайдалансын.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирген мамлекеттик органдарды кошпогондо) кырдаалдык борборлорду (залдарды) түзүү үчүн финансы каражаттарын 2012-2014-жылдарга бюджеттеринде карашсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-апрелиндеги№ 224 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын күнүмдүк башкаруу органдарын (кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорун) өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар
ПЛАНЫ
| № | Иш-чаралар | Аткаруучу | Мөөнө- тү | Күтүлүүчү жыйынтыктар | Каржылоо булактары |
|---|---|---|---|---|---|
| 1 | Ысык-Көл, Нарын жана Баткен облустарынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыктарында Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборлорун түзүү | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | 2012- жылдын I квар- талы | Республиканын бүткүл аймактары менен видеоконференц байланыш | Бюджеттин алкагында |
| 2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кырдаалдык залын ачууну демилге кылуу жана сунуштоо | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | 2012- жылдын аягына чейин | Республиканын бүткүл аймактарына видеоконференц байланышты уюштуруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кырдаалдык залынын иштөөсү | Республи- калык бюджет, финансы- лык институт- тардын инвести- циясы |
| 3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кырдаалдык залын Кыргыз Республикасынын Кризистик кырдаалдарда башкаруунун улуттук борборуна айлантуу | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | 2016- жылга чейин | Кыргыз Республикасынын Кризистик кырдаалдарда башкаруунун улуттук борборунун иштөөсү | Республи- калык бюджет, финансы- лык институт- тардын инвести- циясы |
| 4 | Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорун жакшыртуу | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | 2012- 2014- жылдар | Өзгөчө кырдаалдарды моделдештирүү, өзгөчө кырдаалдар тууралуу ыкчам божомолдоо маалыматтарын алуу | Финансы- лык институт- тардын инвести- циясы |
| 5 | Чүй облустук, Бишкек, Ош шаардык Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыктарында Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорун түзүү | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | 2012- 2014- жылдар | Ар бир органда кырдаалдык залдарды түзүү | Финансы- лык институт- тардын инвести- циясы |
| 6 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында кырдаалдык борборлорду (залдарды) түзүү | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары | 2012- 2014- жылдар | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары кырдаалдык борборлордун (залдардын) иштөөсү | Бюджеттин алкагын- да, финансы- лык институт- тардын инвести- циясы |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.