Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 „Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө“ токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 июня 2022 года № 355 "Об утверждении нормативных правовых актов в сфере высшего и среднего профессионального образования Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 28-марты № 215 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун тартибинде:
4.3-пунктунун экинчи абзацы "медициналык-социалдык маалымкат" деген сөздөр ", спорттук наамынын болушун ырастоочу документтер" деген сөздөр менен толукталсын;
8.6-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамдары бар спортсмендер жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына тапшырууда артыкчылыктуу укуктардан пайдаланышат.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жөнүндө жободо:
3.6-пункту "кабыл алынат" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар абитуриентке артыкчылык берилет" деген сөздөр менен толукталсын;
3.9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"3.9. ЖОЖго кабыл алууда негизги жана кошумча предметтик тесттин суммасы бирдей болгондо гранттык орунга "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар абитуриентке артыкчылык берилет, ал эми мындай наамы жок болгон учурда - предметтик тест боюнча кыйла жогорку балл алган абитуриентке артыкчылык берилет."; аталган Жобонун тиркемесинде: 1-пунктунун жетинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамы бар адамдар," деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун ТАРТИБИ ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-майындагы № 256 токтому менен бекитилген)Порядок · 27.05.2011 · № 256
- Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуужайларына абитуриенттерди тандоо жанакабыл алуу жөнүндө Жобо (Жалпы республикалык…Положение · 27.05.2011 · № 256
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук…Постановление · 30.06.2022 · № 355
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук…Постановление · 30.06.2022 · № 355
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 " Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.05.2011 · № 256 · Күчүн жоготкон
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон