# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы №210 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөмө кызматтар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы №210 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөмө кызматтар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 210
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92993>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15020/edition/761573/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92993.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-мартындагы №210 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөмө кызматтар жөнүндө" токтому (19.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92993

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 690 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 28-марты № 210 Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөмө кызматтар жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөмө кызматтарга бааларды төмөндөтүү, ыктыярдуу акы төлөмө негизде, тездетилген тартипте Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөмө кызматтарга тарифтин прейскуранты тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-сентябрындагы № 350-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министр

Ө. Бабанов

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөмө кызматтарга тарифтин прейскуранты

Паспорттун түрү

Шашылыштык деңгээли

Аткаруу мөөнөтү (иш күндөр)

Бирдик үчүн баа (евро)

Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карточка)

Шашылыш

8

18

Өзгөчө шашылыш

4

20

Өтө шашылыш, Бишкек шаары боюнча

2

22

Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (чет өлкөгө чыгуу паспорту)

Шашылыш

8

30

Өзгөчө шашылыш

4

35

Өтө шашылыш, Бишкек шаары боюнча

2

40

Эскертүү: баалар паспортту даярдоо боюнча кызматтын наркын кошпостон, Кыргыз Республикасынын аймагында азыркы мезгилде колдонулуудагы бардык салыктарды эске алуу менен келтирилди. Акы төлөө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында акы төлөө күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча жүргүзүлөт.

ПАСПОРТ АЛУУ БААСЫ 2 ЭСЕДЕН АШЫК АРЗАНДАДЫ

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Өмүрбек Бабанов кол койгон «Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторун шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөмө кызматтар жөнүндө» токтомуна ылайык шашылыш кабыл алуу, тариздөө, текшерүү жана берүү боюнча акы төлөмө кызматтарына баа эки эседен ашыкка төмөндөдү. Мындай чечим Кыргыз Республикасынын жаранынын жана жалпы жарандык паспортун ыктыярдуу акы төлөөнүн негизинде тездетилген тартипте алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарына ыңгайлуу шарт түзүү максатында кабыл алынган. Бул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин КРнын жараны паспортунун (ID картасы) баасы 18 евро (мурда 40 евро) болот жана документ 8 күндүн ичинде даярдалат. Ал эми паспортту өтө шашылыш - 4 күн ичинде алууну каалоочулар үчүн баасы 20 евро (мурда 45 евро) болот. КРнын жаранынын жалпы жарандык (чет өлкөгө чыгуу) паспортун шашылыш түрдө 8 күндүн ичинде алууну каалагандар үчүн баасы 30 евро (мурда 70 евро), а 4 күн ичинде - өзгөчө шашылыш жалпы жарандык паспорт алгысы келгендер үчүн баасы 35 еврону (мурда 85 евро) түзөт. «Өтө шашылыш» тарифине ылайык (2 күн) Бишкек шаары боюнча ID карта алуу баасы 22 евро (мурда 50 евро), а чет өлкөгө чыгуу паспортун алуу баасы 40 еврону (мурда 100 евро) түзөт. Баалар паспортту даярдоо боюнча кызматтын наркын кошпостон, Кыргыз Республикасынын аймагында азыркы мезгилде колдонуудагы бардык салыктарды эске алуу менен белгиленген. Акы төлөө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында акы төлөө күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча жүргүзүлөт.
