# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-мартындагы №209 "Адистештирилген жардам берген саламаттык сактоо уюмдарын Бирдиктүү төлөөчү системасындагы каржылоого которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-мартындагы №209 "Адистештирилген жардам берген саламаттык сактоо уюмдарын Бирдиктүү төлөөчү системасындагы каржылоого которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.02.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92992>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15019/edition/407973/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92992.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.02.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-мартындагы №209 "Адистештирилген жардам берген саламаттык сактоо уюмдарын Бирдиктүү төлөөчү системасындагы каржылоого которуу жөнүндө" токтому (25.02.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92992

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 27-марты № 209 Адистештирилген жардам берген саламаттык сактоо уюмдарын Бирдиктүү төлөөчү системасындагы каржылоого которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык коргоону күчөтүү жана Мамлекеттик кепилдиктердин программасы боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн калкка жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарын иштин натыйжасы боюнча каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Адистештирилген медициналык жардам берген саламаттык сактоо уюмдарын Бирдиктүү төлөөчү системасындагы каржылоого которуунун графиги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2012-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө, ушул токтомдун 1-тиркемесинде аталган уюмдарды каржылоо үчүн республикалык бюджеттин чыгымдарын чыгымдарды экономикалык классификациялоонун 22161 «Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренеде берилген чыгымдар» беренеси боюнча, бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде 2012-жылга карасын.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- Мамлекеттик кепилдиктер программасын андан ары аткаруу максатында, Бирдиктүү төлөөчү системасындагы каржылоого которулуучу адистештирилген уюмдардын уюштуруу түзүмдөрүн жана бюджеттик чыгымдарын оптималдаштырууну иш-чараларды которуунун мөөнөтүндө аяктоо менен жүргүзсүн;

- медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарында дарылануучу пациенттер үчүн негизги оорулар боюнча клиникалык протоколдорду/ колдонмолорду иштеп чыксын.

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте Бирдиктүү төлөөчү системасындагы каржылоого которулуучу уюмдардын кредитордук карызына инвентаризация жүргүзсүн жана которуу учуруна карата аларды жоюу боюнча чараларды көрсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен бирдикте Бирдиктүү төлөөчү системасындагы каржылоого которулуучу уюмдар үчүн адистештирилген медициналык кызмат көрсөтүүлөр боюнча каржылоонун базалык нормативдерин эсептөөнүн методикасын 2012-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду адистештирилген медициналык жардам берген саламаттык сактоо уюмдарын Бирдиктүү төлөөчү системасындагы каржылоого которуу боюнча даярдоочу иш-чараларды 2012-жылдын 1-апрелинен баштап жүргүзсүн.

7. Бул токтомдун 1-тиркемесинде аталган уюмдардын адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарынын тармагын реструктуралоонун, уюштуруу түзүмүн, персоналдын штаттык санын, койкалык фондун оптималдаштыруунун процессинде бошотулган бюджеттик каражаттары республикалык бюджетке алынбай тургандыгы жана тиешелүү уюмдардын, кызматтардын бюджеттерине реинвестиция кылынаары белгиленсин.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-майындагы № 184 «Саламаттык сактоону программалык негизде каржылоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Программалык негизде саламаттык сактоонун бюджетин түзүү жана аткаруу тартибинде:

- 3.1-пунктта:

экинчи абзацтагы «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу» деген сөздөр менен алмаштырылсын; үчүнчү абзацтагы «Саламаттыксакмин» деген сөз «ММКФ» деген аббревиатура менен алмаштырылсын; төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «ММКФ МКПга бекитилген бюджеттик чыгымдарды базалык жылда түзүлгөн шарттардын негизинде, республика боюнча 2013-жылы дарылануунун орточо наркына андан ары теңдештирүү менен кичи программалар боюнча жана МСБФтын негизинде тармактык артыкчылыктарды каржылоонун кабыл алынган саясатын эске алуу менен бөлүштүрөт.»;

- 3.1-пункттун бешинчи абзацындагы, 3.4-пункттун алтынчы абзацындагы «28.21.41.00» деген цифралар «22.16.11.00» деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 3.5-пункттун төртүнчү абзацындагы «кургак учукка каршы, онкологиялык, психиатриялык жана наркологиялык диспансерлер, ооруканалар жана» деген сөздөр алып салынсын;

- 3.7-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- 3.8-пункттагы «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармасы» деген сөздөр «Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Саламаттык сактоо департаменти» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Программалык негизде саламаттык сактоонун бюджетин түзүү жана аткаруу тартибинин 1 жана 2-тиркемелери ушул токтомдун 2 жана 3-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө. Бабанов

1-тиркеме

Адистештирилген медициналык жардам берген саламаттык сактоо уюмдарын Бирдиктүү төлөөчү системасындагы каржылоого которуунун графиги

№

Уюмдардын/ кызматтардын аталышы

Которуу мөөнөтү

1.

Калкка кургак учукка каршы жардам берүү уюму

2012-жылдын 1-июлунан баштап

2.

Калкка психиатриялык жардам берүү уюму

2012-жылдын 1-октябрынан баштап

3.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Онкология улуттук борбору

2012-жылдын 1-октябрынан баштап

4.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз гематология илимий борбору

2012-жылдын 1-октябрынан баштап

5.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик М.Мирахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунун алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту

2012-жылдын 1-октябрынан баштап

6

Жүрөк-кан тамыр хирургиясынын түштүк региондук илимий борбору

2012-жылдын 1-октябрынан баштап

2-тиркеме

«Саламаттык сактоонун бюджетин программалык негизде түзүү жана аткаруу тартибине № 1 тиркеме

Кыргыз Республикасынын программалык негиздеги саламаттык сактоосунун консолидацияланган бюджетинин

форматы

Программанын аталышы

Саптын №

Программанын коду

Республикалык бюджет

Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджети

Баардыгы бюджети боюнча

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаты

Атайын каражат

Теңтөлөм

Бардыгы

Мамлекеттик кепилдик программасы

1

SBPb

анын ичинде:

2

стационардык жардам

3

SBPb2H1

кургак учукка каршы жардам

4

SBPb2H2

психиатриялык жардам

5

SBPb2H3

онкологиялык жардам

6

SBPb2H4

адистештирилген стационардык медициналык жардамдын башка түрлөрү

7

SBPb2H5

алгачкы медициналык-санитардык жардам

8

SBPb1PC1

стоматологиялык жардам

9

SBPb1PC2

медициналык тез жардам

10

SBPb1PC3

калктын жеңилдетилген категориясын амбулатордук деңгээлде дары каражаттары менен камсыздоо

11

SBPb1PC4

Камсыздандырылган жарандарды амбулатордук деңгээлде дары каражаттары менен камсыздоонун кошумча программасы

12

Жогорку технологиялар фонду

13

HTFb

Коомдук саламаттык сактоо

14

PHb

Администрациялоо, медициналык-социалдык, реабилитациялык жардам, медициналык профилдеги билим берүү уюмдары

15

AESb

анын ичинде:

15

техникалык тейлөө жана жабдууларды оңдоо фонду

16

AESb1

имараттарды капиталдык оңдоо жана куруу фонду

17

AESb2

калыбына келтирүү дарылоо борбору

18

AESb3

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратын кошкондо, башка уюмдар

19

AESb4

медициналык профилдеги билим берүү уюмдары

20

AESb5

Бардыгы

21

3-тиркеме

«Саламаттык сактоонун бюджетин программалык негизде түзүү жана аткаруу тартибине № 2 тиркеме

Программалык негиздеги саламаттык сактоонун облустар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча бюджеттик чыгымдарынын

форматы

Программанын аталышы

Саны №

Программанын коду

Бардык чыгымдар

анын ичинде облустар боюнча:

Республикалык

Бишкек шаары

Ош шаары

Баткен

Жалал-Абад

Ысык-Көл

Нарын

Ош

Талас

Чүй

Мамлекеттик кепилдик Программасы

1

SBPb

анын ичинде:

2

стационардык жардам

3

SBPb2H1

кургак учукка каршы жардам

4

SBPb2H2

психиатриялык жардам

5

SBPb2H3

онкологиялык жардам

6

SBPb2H4

адистештирилген медициналык стационардык жардамдын башка түрлөрү

7

SBPb2H5

алгачкы медициналык-санитардык жардам

8

SBPb1PC1

стоматологиялык жардам

9

SBPb1PC2

медициналык тез жардам

10

SBPb1PC3

калктын жеңилдетилген категориясын амбулатордук деңгээлде дары каражаттары менен камсыздоо

11

SBPb1PC4

Камсыздандырылган жарандарды амбулатордук деңгээлде дары каражаттары менен камсыздоонун кошумча программасы

12

Жогорку технологиялар фонду

13

HTFb

Коомдук саламаттык сактоо

14

PHb

Администрациялоо, медициналык-социалдык, реабилитациялык жардам, билим берүү

15

AESb

анын ичинде:

15

техникалык тейлөө жана жабдууларды оңдоо фонду

16

AESb1

имараттарды капиталдык оңдоо жана куруу фонду

17

AESb2

калыбына келтирүү дарылоо борбору

18

AESb3

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратын кошкондо, башка уюмдар

19

AESb4

медициналык профилдеги билим берүү уюмдары

20

AESb5

Баары:

21
