# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №207 "2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №207 "2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92990>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15017/edition/484533/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92990.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №207 "2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө" токтому (12.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92990

---

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-апрелиндеги № 190 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 23-марты № 207 2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн милдеттерин ырааттуу чечүү үчүн 2013-2015-жылдарга бюджеттин орто мөөнөттүү божомолун өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн макроэкономикалык параметрлерин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу тиркемеге ылайык жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттин орто мөөнөттүү болжолун түзүүдө 2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн жактырылган макроэкономикалык параметрлерин негиз катары алсын.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары орто мөөнөттүү программаларды жана өнүктүрүү стратегияларын иштеп чыгууда 2013-2015-жылдарга жактырылган макроэкономикалык багыттарды негиз катары алышсын.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги белгиленген тартипте:

- Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрүн аткарууга баалоо жүргүзсүн;

- учурдагы социалдык-экономикалык абалга мониторингдин жана баалоонун маалыматтарынын негизинде 2012-жылы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн күтүлүүчү параметрлерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды жана 2013-2015-жылдарга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;

- 2012-жылга Кыргыз Республикасынын бекитилген республикалык бюджетине жана 2013-2015-жылдарга бюджеттин орто мөөнөттүү болжолуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн 2012-жылы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн күтүлүүчү параметрлерине жана 2013-2015-жылдарга макроэкономикалык болжолго оңдоолордун маалыматтарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов

Тиркеме орусча тилде берилген
