Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-03-27.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 27-марты № 206 «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ө. Бабанов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
«Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене. «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведомосттору, 1997-ж., № 3, 126-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 13-беренесинин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын;
- 15-беренедеги «бир айлык мөөнөттөн» деген сөздөр «календардык отуз күндөн» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 17-3-берене менен толукталсын:
«17-3-берене. Лицензиялоочу орган лицензияны берүүнүн мөөнөтүн бузган же аны берүүдөн баш тарткан учурда лицензияны тариздөө тартиби
1. Лицензиялоочу орган лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөттө лицензия берүү тууралуу чечимдин кабыл алынышы жөнүндө же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
Лицензия берүү же баш тартуу жөнүндө билдирүү арыз ээсине жазуу жүзүндө жиберилет (тапшырылат).
2. Эгерде лицензиялоочу орган арыз ээсине лицензия бербесе, же лицензия берүүдөн баш тартуунун себеби жөнүндө жазуу жүзүндө билдирбесе, анда лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн баштап беш жумушчу күн өткөндөн кийин арыз ээси өзү билдирген иштин түрүн жүргүзүп баштагандыгы жөнүндө тиешелүү лицензиялоочу органга жазуу жүзүндө билдирет.
Лицензиялоочу орган арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алгандан кийин календардык отуз күндөн кеч эмес мезгилде лицензия берүүгө милдеттүү, аны колдонуу арыз ээси жазуу жүзүндөгү билдирүүдө аталган күндөн башталат.
3. Кен пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечимдери жер казынасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.»;
- 18-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«18-берене. Лицензия берүүдөн баш тартууга даттануу Эгерде лицензия берүүдөн баш тартуу арыз ээсине негизсиз болуп көрүнсө, анда ал бул аракеттерге сот тартибинде даттанууга укуктуу.». 2-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн толук чараларды көрсүн.
2. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- "2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча" ПРОГРАММАСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 596 токтому…Программа · 30.08.2012 · № 596
- КР Эогорку Кенешинин 2012-жылдын 7-июнундагы №1975-V "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 07.06.2012 · № 1975-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 28-июнундагы № 2186-V "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 28.06.2012 · № 2186-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 11-октябрындагы № 2389-V "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 11.10.2012 · № 2389-V
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-июнундагы №438 "2012-жылдын январь-мартында Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 25.06.2012 · № 438 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Лицензиялоо жөнүндөЗакон · 03.03.1997 · № 12 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-августундагы № 555 "Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 08.08.2012 · № 555 · Күчүн жоготкон