# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №199 "2012-жылдын 1-майынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн көбөйтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №199 "2012-жылдын 1-майынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн көбөйтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 199
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92982>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15009/edition/407498/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92982.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №199 "2012-жылдын 1-майынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн көбөйтүү жөнүндө" токтому (23.03.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92982

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 23-марты № 199 2012-жылдын 1-майынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн көбөйтүү жөнүндө Республиканын пенсионерлерине социалдык колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чектелген пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 2012-жылдын 1-майынан тартып төмөнкү шкала боюнча көбөйтүлсүн:

- жалпы өлчөмү 2300 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн - 150 сомго;

- жалпы өлчөмү 2301 сомдон 5000 сомго чейинки пенсиялар үчүн - 20 пайызга;

- жалпы өлчөмү 5001 сомдон 10000 сомго чейинки пенсиялар үчүн - 15 пайызга;

- жалпы өлчөмү 10001 сомдон 20000 сомго чейинки пенсиялар үчүн - 8 пайызга;

- жалпы өлчөмү 20001 сомдон ашкан пенсиялар үчүн - 1500 сомго.

Мында кайра эсептелгенден кийин ар бир кийинки шкала боюнча пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү мурунку шкала боюнча пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнөн төмөн болбошу керек. Ушул пунктта көрсөтүлгөн жогорулатылып жаткан пенсиялардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген үстөк акы жана компенсациялык төлөмдөрдү эске албастан аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсиялардын өз убагында кайра эсептелишин жана алардын жаңы өлчөмдөрдө төлөнүшүн камсыз кылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө. Бабанов
