# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №195 "Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде тарбиялануучулардын санын белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №195 "Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде тарбиялануучулардын санын белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92978>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15005/edition/829487/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92978.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №195 "Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде тарбиялануучулардын санын белгилөө жөнүндө" токтому (18.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92978

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 23-марты № 195 Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде тарбиялануучулардын санын белгилөө жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 505 токтомунун редакциясына ылайык) Уландарды Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жогорку аскердик окуу жайларында андан аркы окууга даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү\\ ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде 10-11-класстарда 500 адамга чейин тарбиялануучулар окутулаары белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 505 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 31-октябрындагы № 796 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 6-майындагы «Кыргыз мамлекеттик улуттук аскердик лицей түзүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө. Бабанов
