Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде тарбиялануучулардын санын белгилөө жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 23-марты № 195 Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде тарбиялануучулардын санын белгилөө жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 505 токтомунун редакциясына ылайык) Уландарды Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин жогорку аскердик окуу жайларында андан аркы окууга даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү\ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Советтер Союзунун Баатыры Асанов Дайыр Асанович атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинде 10-11-класстарда 500 адамга чейин тарбиялануучулар окутулаары белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 505 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 31-октябрындагы № 796 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 6-майындагы «Кыргыз мамлекеттик улуттук аскердик лицей түзүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө. Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.