# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №194 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 94 «Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоону жүргүзүү жана ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №194 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 94 «Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоону жүргүзүү жана ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 194
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92977>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15004/edition/710971/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92977.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы №194 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 94 «Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоону жүргүзүү жана ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (30.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92977

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-мартындагы № 164 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 23-марты № 194 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 94 «Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоону жүргүзүү жана ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

«Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоо боюнча чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-мартындагы № 94 «Ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу системасын реформалоону жүргүзүү жана ишкердикти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- токтомдун бардык тексти боюнча жана тиркемелерде түрдүү жөндөмөдөгү «Экономикалык жөнгө салуу министрлиги» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө «Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 11-пункттун үчүнчү абзацындагы «2011-жылдын 16-майына» деген сандар жана сөздөр «2012-жылдын 1-майына» деген сандарга жана сөздөргө алмаштырылсын;

- 12-пунктагы «2011-жылдын 22-мартынан» деген сандар жана сөздөр «2012-жылдын 1-майынан» деген сандарга жана сөздөргө алмаштырылсын;

- жогорудагы токтомдун 1-тиркемесинде:

экинчи абзацтагы «Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри» деген сөздөргө алмаштырылсын; үчүнчү абзацтагы «экономикалык жөнгө салуу министри» деген сөздөр «экономика жана монополияга каршы саясат министри» деген сөздөргө алмаштырылсын; төртүнчү абзацтагы «жөнгө салуучу таасирди талдоо» деген сөздөр «уруксат берүү-лицензиялоо ишин жөнгө салуу жана жөнгө салуучу таасирди талдоо» деген сөздөргө алмаштырылсын; сегизинчи абзацтагы «экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары» деген сөздөр «экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары» деген сөздөргө алмаштырылсын; тогузунчу абзац күчүн жоготту деп табылсын; он үчүнчү абзац «Секретариатынын» деген сөздөн мурда «Кеңештин» деген сөз менен толукталсын; он төртүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын;

- аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын:

- аталган токтом менен бекитилген контролдоо-көзөмөлдөө чөйрөсүндө «Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планында:

«Аткаруу мөөнөттөрү» графасында: 1-пункттагы «2011-жылдын 4-апрели» деген сөздөр жана сандар «2012-жылдын 10-майы» деген сөздөр жана сандарга алмаштырылсын; 2-пункттагы «2011-жылдын 23-майы» деген сөздөр жана сандар «2012-жылдын 1-июлу» деген сөздөр жана сандарга алмаштырылсын; 3-пункттагы «2011-жылдын 30-майы» деген сөздөр жана сандар «2012-жылдын 6-июлу» деген сөздөр жана сандарга алмаштырылсын; 4-пункттагы «2011-жылдын 17-июну» деген сөздөр жана сандар «2012-жылдын 21-июлу» деген сөздөр жана сандарга алмаштырылсын; 5-пункттагы «2011-жылдын 17-октябры» деген сөздөр жана сандар «2012-жылдын 21-ноябры» деген сөздөр жана сандарга алмаштырылсын; 6-пункттагы «2011-жылдын 17-ноябры» деген сөздөр жана сандар «2012-жылдын 21-декабры» деген сөздөр жана сандарга алмаштырылсын; 7-пункттагы «2011-жылдын 17-ноябры» деген сөздөр жана сандар «2012-жылдын 21-декабры» деген сөздөр жана сандарга алмаштырылсын; 8-пункттагы «2011-жылдын 19-декабры» деген сөздөр жана сандар «2013-жылдын 21-январы» деген сөздөр жана сандарга алмаштырылсын; 9-пункттагы «2011-жылдын 19-январы» деген сөздөр жана сандар «2013-жылдын 21-февралы» деген сөздөр жана сандарга алмаштырылсын;

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө. Бабанов

Тиркеме 2-тиркеме

Ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжаларын баалоочу эксперттик топтун

Курамы

Аттокуров Марат Сабырович

- эксперттик топтун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Ефремов Виктор Николаевич

- эксперттик топтун төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Эксперттик топтун мүчөлөрү:

Новиков Артем Эдуардович

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;

Чокошева Зарема Аликовна

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директорунун орун басары;

Шаповалова Юлия Николаевна

- көз карандысыз юрист (макулдашуу боюнча);

Жайлобаева Роза Асанкуловна

- көз карандысыз юрист (макулдашуу боюнча);

Догадин Андрей Григорьевич

- көз карандысыз экономист (макулдашуу боюнча);

Долинская Наталия Леонидовна

- көз карандысыз юрист (макулдашуу боюнча);

Ахметова Рашида Абдулкеримовна

- көз карандысыз юрист, эксперттик топтун катчысы (макулдашуу боюнча).
