# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2012-жылдын 23-мартындагы №193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2012-жылдын 23-мартындагы №193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92976>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15003/edition/1074222/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92976.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2012-жылдын 23-мартындагы №193 "Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтому (15.07.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92976

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-июлундагы № 78 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 23-марты № 193 Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы N 395, 2015-жылдын 6-июлундагы № 452, 2017-жылдын 20-октябрындагы № 684 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Азия өнүктүрүү банкынын консультациялык миссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан Инвестициялык климатты жакшыртуу программасынын иш-чараларын ишке ашыруу, эмгек рыногунун талаптарына ылайык кадрларды даярдоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана социалдык өнөктөштөрдүн өз ара аракетин координациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө. Бабанов

1-тиркеме

Кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин КУРАМЫ (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-октябрындагы № 684 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика министри; Кыргыз Республикасынын Финансы министри; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын улук вице-президенти (макулдашуу боюнча); "Байланыш операторлору ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Кыргыз КНАУФ маркетинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун ресурстук борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); "Легпром" Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); "Союзтекстиль" текстилдик өнөр жай ишканалар союзунун ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); "Коомдук тамактануу ишканаларынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча); "Алдыңкы рестораторлордун жана отельерлердин ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча); "Кыргыз Республикасынын куруучулар союзу" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Түндүк электр" ачык акционердик коомунун окуу борборунун начальниги (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын тоо-кен өнөр жай кызматкерлеринин жана геологдорунун ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); "Био-KG" органикалык кыймылынын ассоциация-федерациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); "Эл аралык ишкер кеңеши" коомдук бирикмесинин башкармалыгынын өкүлү (макулдашуу боюнча); БАУА Бизнес-ассоциацияларынын Улуттук альянсынын катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча).
