# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 181 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 181 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 181
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92965>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14992/edition/408388/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92965.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 181 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92965

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 16-марты № 181 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө. Бабанов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 токтому менен бекитилген

« Айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны

Кызматтын аталышы

Калктын саны боюнча штаттык сан (миң адам)

5ке чейин

5тен 10го чейин

10дон 20га чейин

20дан жогору

1

2

3

4

5

Башчы

1

1

1

1

Башчынын орун басары

1

1

1

Жооптуу катчы

1

1

1

1

Башкы адис - юрист

\-

1

1

1

Башкы адис - участкалык инспектор (\*)

1

1

1

Маалыматтык-компьютердик технологиялар боюнча адис

\-

1

1

1

Финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы - башкы бухгалтер (\*\*)

1

1

1

1

Башкы адис - эсеп бухгалтери

\-

1

1

1

Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис

\-

1

1

1

Киреше боюнча жетектөөчү адис

1

1

2

3

Чыгымдар боюнча адис - бухгалтер-кассир

1

1

1

Жетектөөчү адис - участкалык врач (\*)

1

1

1

1

Социалдык коргоо жана социалдык-маданий маселелер боюнча жетектөөчү адис

\-

\-

1

1

Социалдык коргоо боюнча адис

1

1

1

2

Жер, турак жай-коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча сектор башчы

\-

\-

1

1

Мал чарбачылык жана ветеринариялык тейлөө маселелери боюнча башкы адис (\*)

1

1

1

1

Жер, турак жай-коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис

\-

1

1

1

Жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адис

\-

1

1

1

Аскердик-эсепке алуу боюнча инспектор(\*\*\*)

Айыл башчысы (\*\*\*\*)

Жыйынтыгы:

8

16

19

21

Техникалык тейлөөдө иштеген кызматкерлер:

ТТП

1

1

2

3

КТП

1

1

1

1

Бардыгы:

10

18

22

25

(\*) Эскертүү: Жетектөөчү адиске - участкалык врачка, мал чарбачылык жана ветеринариялык тейлөө маселелери боюнча башкы адиске, башкы адиске - участкалык инспекторго (ички иштер органдарынын кызматкери) талапкерлер 3 айлык сыноо мөөнөтүнө жана андан ары 3 жылга бекитүү менен контракттык негизде кабыл алынышат. (\*\*) Эскертүү: Айылдык аймактын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысын - башкы бухгалтерди жергиликтүү кеңештин көпчүлүк депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органдарынын макулдугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы кызматка дайындайт жана бошотот. (\*\*\*) Эскертүү: Жалпы аскердик милдеттердин талаптарын аткарууну камсыздоо үчүн персоналды аскердик-эсепке алуунун саны төмөнкү жүктөмдүн нормаларына ылайык белгиленет:

- каттоодо 300 аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу болгон учурда - бир бошотулган кызматкер - аскердик-эсепке алуу столунун инспектору;

- каттоодо 300дөн 1000ге чейинки аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучу болгондо - эки бошотулган кызматкер жана андан кийинки ар бир 1000 аскерге милдеттүү жана аскерге чакырылуучуларга - бирден бошотулган кызматкер - аскердик-эсепке алуу столунун инспектору;

(\*\*\*\*) Эскертүү: Айылдык кеңештиң чечими боюнча айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адисинин деңгээлинде айыл башчысы кызматы киргизилиши мүмкүн. ».
