# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы №180 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 «Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы №180 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 «Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 180
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92964>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14991/edition/816612/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92964.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы №180 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 «Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (23.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92964

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 16-марты № 180 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 «Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу «Кыргыз Республикасында мобилизациялык даярдык жана мобилизациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 «Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелеринде:

- 1-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү берүүчү транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо, каттоо маалыматтарын өзгөртүү, каттоодон алып салуу аларды эсепке алууну ишке ашыруучу аскер комиссариаттары менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт»;

- 67-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

«67. Катталган транспорт каражаттарына автомототранспортту эсепке алуу карточкасы түзүлөт. Бир нускасы каттоо подразделениесинин картотекасында сакталат, экинчиси - Кыргыз Республикасынын ИИМинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгына жиберилет, үчүнчүсү - эгерде катталган транспорт каражаты Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Транспорт каражаттарынын тизмесинде болсо, аскер комиссариатына жиберилет».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө. Бабанов
