# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы №174 "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканаларына заказдарды жайгаштырууга жооптуу мамлекеттик заказчылардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы №174 "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканаларына заказдарды жайгаштырууга жооптуу мамлекеттик заказчылардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 174
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92958>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14985/edition/710069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92958.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы №174 "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканаларына заказдарды жайгаштырууга жооптуу мамлекеттик заказчылардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому (25.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92958

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы № 150 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 15-марты № 174 Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканаларына заказдарды жайгаштырууга жооптуу мамлекеттик заказчылардын тизмесин бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395, 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык) «Кыргыз Республикасынын майыптар коомдорунун товарларын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 жана 3-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканаларына заказдарды жайгаштырууга жооптуу мамлекеттик заказчылардын тизмеси тендердик тооруктардын жол-жобосун колдонбостон тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ө. Бабанов

Тиркеме

Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканаларына заказдарды жайгаштырууга жооптуу мамлекеттик заказчылардын тизмеси

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395, 2013-жылдын 21-октябрындагы № 575 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги;

3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;

5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;

6. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги;

7. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги;

8. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;

9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;

10. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;

11. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги;

12. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

13. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги;

14. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги;

15. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;

16. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети;

17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги;

18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги;

19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;

20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик;

21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги;

22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;

23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы;

24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы;

25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы;

26. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат;

27. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;

28. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы;

29. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы;

30. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду;

31. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд;

32. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;

33. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду;

34. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Тамак-аш, ветеринария жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция;

35. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы;

36. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча);

37. Кыргызстан профсоюздар федерациясы (макулдашуу боюнча);

38. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы (макулдашуу боюнча);

39. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы (макулдашуу боюнча);

40. Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча);

41. Ош шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча);

42. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы;

43. "Дастан" улуттар аралык корпорациясы" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча);

44. "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча);

45. "Түндүкэлектр" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча);

46. "Чыгышэлектр" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча);

47. "Жалалабатэлектр" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча);

48. "Ошэлектр" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча);

49. "Бишкекжылуулуктармагы" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча);

50. "Кыргызгаз" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча);

51. "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча);

52. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча);

53. Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалык (макулдашуу боюнча);

54. Жогоруда аталган уюмдардын ведомстволук мекемелери.
