# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы №169 "Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундарына пенсия чектөө үчүн 2010-жылдын июнь окуяларында өрттүн натыйжасында жок болуп кеткен эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө маалыматтарын калыбына келтирүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы №169 "Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундарына пенсия чектөө үчүн 2010-жылдын июнь окуяларында өрттүн натыйжасында жок болуп кеткен эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө маалыматтарын калыбына келтирүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 13.03.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92954>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14981/edition/447973/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92954.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы №169 "Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундарына пенсия чектөө үчүн 2010-жылдын июнь окуяларында өрттүн натыйжасында жок болуп кеткен эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө маалыматтарын калыбына келтирүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (10.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92954

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 13-марты № 169 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундарынын 2010-жылдын июнь окуяларында өрттүн натыйжасында жок болуп кеткен эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө маалыматтарын калыбына келтирүү тартиби, ошондой эле аларга пенсия чектөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 326 токтомунун редакциясына ылайык) «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундарынын пенсиялык укуктарын өз убагында камсыздоо жана коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркемеге ылайык Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундарынын 2010-жылдын июнь окуяларында өрттүн натыйжасында жок болуп кеткен эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө маалыматтарын калыбына келтирүү тартиби, ошондой эле аларга пенсия чектөө тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 326 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду камсыздандырылган адам пенсия чектөөгө кайрылган күндөн тартып, бирок пенсия алуу укугуна ээ болгон күндөн эрте эмес пенсияларды чектөөнү ишке ашырсын жана пенсия чектөө үчүн эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө маалыматтарды толтуруу жана берүү тартиби тууралуу Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундарынын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жобого ылайык камсыз кылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 326 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2010-жылдын 12-июнунан баштап колдонулат.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 326 токтомунун редакциясына ылайык)

Премьер-министр

Ө. Бабанов
