# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-мартындагы №166 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-мартындагы №166 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 09.03.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92951>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14978/edition/743088/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92951.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-мартындагы №166 "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому (21.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92951

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-июлундагы № 411 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 9-марты № 166 Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүнө жана аткаруу бийлиги органдарына жүргүзүлүп жаткан реформага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык жактырылсын.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тизме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри аталган Тизмени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-ноябрындагы № 533 «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин аныктоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

күчүн жоготту деп табылсын:

- 2-пункт;

- аталган токтом менен жактырылган Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмеси.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө. Бабанов

Тиркеме

Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын

Тизмеси

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция,

6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция.

7. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекция (2012-жылдын 1-апрелине чейин).

8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент.

9. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана экспертизалоо департаменти.

10. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти.

11. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдар департаменти.

12. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент.

13. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду.
