# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 158
- Кабыл алынган күнү: 01.03.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.09.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92943>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14970/edition/1228323/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92943.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому (08.09.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92943

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 1-марты № 158 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236, 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомдорунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө", 2009-жылдын 13-октябрындагы № 633 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын алдындагы Жаза аткаруу департаментинин № 41 мекемесин жоюу жөнүндө", 2011-жылдын 14-октябрындагы № 635 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу тутумунун № 53 мекемесин түзүү жөнүндө", 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 722 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын № 54 мекемесин түзүү жөнүндө" токтомдоруна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын ишине тийиштүү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу тутумунун № 50 түзөтүү мекемеси жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттагы "мамлекеттик кызматынын алдындагы Жазаларды аткаруу департаментинин" деген сөздөр "мамлекеттик кызматынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 2-пункттун алтынчы абзацындагы "алдындагы Жазаларды аткаруу департаментине" деген сөздөр алып салынсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ө. Бабанов
