# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 157 "Социалдык кызматкер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 157 "Социалдык кызматкер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 29.02.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92942>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14969/edition/398379/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92942.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 157 "Социалдык кызматкер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (29.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92942

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 29-февралы № 157 Социалдык кызматкер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Социалдык кызматкерлердин статусун жогорулатуу жана жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү, ошондой эле туруктуу социалдык көзөмөлгө, алардын турак-жайларына социалдык кызматкерлер дайыма барып турушуна, зарыл социалдык жана материалдык-турмуш-тиричилик жардам көрсөтүүгө муктаж болгон жарандарга, үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык патронажды жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Социалдык кызматкер жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ө. Бабанов
