# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы №153 "Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы №153 "Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 29.02.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92938>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14965/edition/403838/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92938.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы №153 "Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (23.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92938

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 29-февралы № 153 Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелерин бекитүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)

"Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максаттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (Преамбула Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык) ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркемеге ылайык Товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү жана катталган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнү түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежелери бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
