# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы №152 "Дарылоочу-алдын алуучу уюмдарда эмгекке убактылуу жарамсыздыкты экспертизалоо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы №152 "Дарылоочу-алдын алуучу уюмдарда эмгекке убактылуу жарамсыздыкты экспертизалоо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 28.02.2012
- Редакциянын күнү: 28.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92937>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14964/edition/1286192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92937.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-февралындагы №152 "Дарылоочу-алдын алуучу уюмдарда эмгекке убактылуу жарамсыздыкты экспертизалоо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтому (28.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92937

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 28-февралы № 152 Дарылоочу-алдын алуучу уюмдарда эмгекке убактылуу жарамсыздыкты экспертизалоо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө Пациенттердин ден соолугунун абалына сапаттуу баа берилишин камсыздоо жана калкка натыйжалуу медициналык-санитардык жардам көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Дарылоочу-алдын алуучу уюмдарда эмгекке убактылуу жарамсыздыкты экспертизалоо боюнча нускама бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 16-августундагы № 380 «Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык камсыздандыруу жөнүндө» токтомунун 2-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө. Бабанов
