# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-февралындагы № 144 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-февралындагы № 144 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 144
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92929>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14956/edition/447264/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92929.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-февралындагы № 144 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө" токтому (24.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92929

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 24-февралы № 144 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын кайра уюштуруу жөнүндө" № 43 Жарлыгына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишин финансылык, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, ошондой эле Мамлекеттик компьютердик тармакты программалык жана техникалык жактан камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө жобонун, түзүмүнүн жана штаттык санынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынан бөлүштүрүү балансына ылайык өткөрүлүп берилүүчү активдерди жана объекттерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасына өткөрүп алууну камсыздасын;

- ушул токтомдон чыгуучу уюштуруучу жана башка маселелерди чечсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармасын 2012-жылдын республикалык бюджетинде каралган каражаттын чегинде каржылоону караштырсын жана камсыздасын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө. Бабанов
