# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92926>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14954/edition/1158068/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92926.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтому (20.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92926

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы № 141 Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө

Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактты, Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пактты, Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенцияны аткаруу боюнча Кыргыз Республикасы алган милдеттенмелерге ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Адам укугу чөйрөсүндө БУУнун келишимдерин аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын расмий тилде тиркелген төмөнкү Улуттук баяндамалары жактырылсын:

- 2007-2011-жылдар аралыгында Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактты аткаруу боюнча бириктирилген экинчи, үчүнчү жана төртүнчү мезгилдүү баяндамалар (1-тиркеме);

- 1999-2011-жылдар аралыгында Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө аралыгында эл аралык пактты аткаруу боюнча бириктирилген экинчи, үчүнчү жана төртүнчү мезгилдүү баяндамалар (2-тиркеме);

- 2007-2011-жылдар аралыгында Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенцияны аткаруу боюнча бириктирилген бешинчи, алтынчы жана жетинчи мезгилдүү баяндамалар (3-тиркеме).

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом менен жактырылган аталган баяндамаларды Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына жиберсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
