# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92925>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14953/edition/1096205/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92925.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому (06.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92925

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы № 140 Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 138, 2013-жылдын 7-майындагы № 256, 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 211, 2015-жылдын 19-июну № 381, 2015-жылдын 3-августу № 556, 2015-жылдын 31-декабры № 895, 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576, 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 , 2019-жылдын 20-февралындагы № 73 , 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 , 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүн бекитүүгө байланыштуу уюштуруучулук чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Төмөнкүлөр өзгөртүлүп түзүлсүн:

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Химизация жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигигинин Химизация жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментине;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Башкы мамлекеттик техникалык инспекциясы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Механизация жана энергия менен камсыздоо департаментине;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигигинин Мамлекеттик асыл-тукум инспекциясы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигигинин Мамлекеттик селекциялык асыл-тукум борборуна;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын сертификаттоо борбору Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борборуна;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Мамлекеттик сорт сыноо боюнча комиссиясы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Сортторду сыноо жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары боюнча мамлекеттик борборуна;

- "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мекемеси Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасына;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Айылмаалымат" маалыматтык-эсептөө борбору" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Айылмаалымат" маалыматтык-маркетинг борбору" мамлекеттик ишканасына.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-июну № 381 токтомдун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча функциялардын өткөрүп берилгендигине байланыштуу:

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат жоюлсун;

- (3-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Төмөнкү жоболор бекитилсин:

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы N 256 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 383 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (4-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (5-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (6-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (7-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 токтомунаылайык күчүн жоготту)

- (8-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (9-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (10-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (11-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (12-абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 73 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору жөнүндө, 14-тиркемеге ылайык.

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 19-июну № 381, 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 ,2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 , 2019-жылдын 20-февралындагы № 73 токтомдун редакциясына ылайык)

5. Төмөнкү уставдар бекитилсин:

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин "Айылмаалымат" маалымат-маркетинг борбору" мамлекеттик ишканасынын, 16-тиркемеге ылайык.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 750 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 186 "Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация мамлекеттик комитети жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-октябрындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Химизация жана өсүмдүктөрдү коргоо департаменти жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 268 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Башкы мамлекеттик техникалык инспекциясы жөнүндө" токтомунун 1 жана 3-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 277 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Ветеринардык препараттарды контролдоо жана сертификациялоо борбору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Балык чарба департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-октябрындагы № 616 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги не караштуу Мамлекеттик ветеринария департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 726 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту жөнүндө" токтому.

7. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги эки айлык мөөнөттө:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр-жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө. Бабанов
