# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №138 "Кыргыз Республикасынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №138 "Кыргыз Республикасынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92923>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14951/edition/1108166/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92923.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №138 "Кыргыз Республикасынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92923

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы №138 Кыргыз Республикасынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 104 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобонун 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"11. Мамлекеттик дирекцияны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу башкы директор жетектейт.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын чектелген штаттык саны жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

5-тиркемеде:

- 5-пунктундагы ", Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция" деген сөздөр алып салынсын;

- 6-пункту "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы" деген сөздөрдөн кийин ", Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө. Бабанов
