# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 136
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92921>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14949/edition/1064708/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92921.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө" токтому (05.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92921

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы № 136 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 410, 2016-жылдын 5-декабрындагы № 644

токтомдорунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" жана 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция:

- штаттык бирдиктерди, документтерди жана финансылык ресурстарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык белгиленген тартипте кабыл алсын;

- товардык-материалдык баалуулуктарды кабыл алуу боюнча башка маселелерди чечсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы № 334 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери" жөнүндө токтому, 2012-жылдын 1-апрелинен баштап;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясы жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы № 108 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-августундагы № 443 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Жерди пайдаланууну жана коргоону мамлекеттик контролдоо боюнча жер инспекциясы жөнүндө" токтому.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 410 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө. Бабанов

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башкаруу СХЕМАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-декабрындагы № 644 токтомунун редакциясына ылайык)
