# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын маселелери боюнча" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын маселелери боюнча" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 132
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92917>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14945/edition/757660/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92917.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын маселелери боюнча" токтому (30.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92917

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 637 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы № 132 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын маселелери (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы № 15 "Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселеси жөнүндө" Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна ылайык, ошондой эле баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштүн, баңги заттар менен жабдуунун каналдарын жоюунун натыйжалуулугун арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматта кызмат өтөө жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик органдын тартиптик уставы, 3-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын башкаруу схемасы, 4-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын Өнүктүрүү жана материалдык сыйлоо фондун түзүү жана пайдалануу жөнүндө жобо, 5-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын укук улантуучусу болуп эсептелет;

- 8-апрель Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча органынын кызматкеринин күнү - жыл сайын белгиленүүчү кесиптик майрамы болот.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Күчүн жоготту деп эсептелишсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 801 "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарга контролдук органынын кызматкеринин күнүн белгилөө жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-октябрындагы № 441 "Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин маселелери" жөнүндө токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-майындагы № 239 "Кыргыз Республикасынын баңгизатка контролдук органынын Тартиптик уставын бекитүү жөнүндө" токтому.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат эки айлык мөөнөттө:

- ушул токтомдон келип чыгуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө. Бабанов

4-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 132 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын БАШКАРУУ СХЕМАСЫ

```text
┌──────────────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу │
│ Баңгизаттарды контролдоо боюнча │
│ мамлекеттик кызматы │
└─────────────────────┬────────────────────┘
┌────────────────────────┤
│ │
```

v v

| БКМКнын коллегиясы |  | Борбордук аппарат |
| --- | --- | --- |

v

```text
┌───────────────────┐
│ БКМКнын аймактык │
│ башкармалыктары │
└───────────────────┘
```
