# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маселелери боюнча" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маселелери боюнча" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92916>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14944/edition/776972/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92916.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маселелери боюнча" токтому (28.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92916

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 126 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы № 131 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын маселелери (В редакции постановления Правительства КР от 12 марта 2015 года № 116) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын ишин жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын иши өзүн өзү каржылоо шартында жүргүзүүлөрү;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын каражаттарынын эсебинен каржыланаары.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому менен каралган тартипте аныкталат.

(В редакции постановления Правительства КР от 12 марта 2015 года № 116)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө:

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ведомствонун ведомстволук уюмдары жөнүндө жоболорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 716 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө. Бабанов

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ

| Коллегия├──────┤ Төрага, ├──────┤Апелляциялык кеңеш, └────────┘ төраганын орун басары └───────────┬─────────┘ └────────────────────────┘ | статс-катчы, кеңеши, Ойлоп табуучулар кеңеши, Илимий-техникалык кеңеш | Чектеш укуктар ээлеринин | Авторлор кеңеши, |
| --- | --- | --- | --- |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын борбордук аппараты 106 |  |  |  |

Юридикалык жакты түзгөн ведомстволук уюмдар:

| Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду 11 |  | Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана 46 |
| --- | --- | --- |

Бардыгы: 158
