# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92915>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14943/edition/1087880/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92915.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 130 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тууралуу" токтому (20.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92915

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы № 130 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы № 15 "Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселелери жөнүндө" Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын ишин регламенттөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын укуктук мураскору болуп саналары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы:

- бир айлык мөөнөттө бул токтомдон келип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө. Бабанов

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ

```text
┌───────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө │
│ караштуу Финансылык чалгындоо │
│ мамлекеттик кызматы │
│ (ФЧМК) │
└───────────────────────────────────┘
│
│
```

v

```text
┌───────────────────────────────────┐
│ ФЧМКнын борбордук аппараты │
└───────────────────────────────────┘
```
