# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №129 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №129 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92914>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14942/edition/861800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92914.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №129 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы жөнүндө" токтому (20.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92914

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-декабрындагы № 826 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы №129 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматында кызмат өтөө жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы 3-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын маселелери" токтомунун 6-пункту;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-мартындагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-январындагы № 41 токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө. Бабанов

3-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ

| КР ӨКФПМК ┌──\> └────────────┘ ┌─────────────────────────────────────────────┐ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ├──────┼──\> Финансы полициясы мамлекеттик кызматы └──────┬────────────────────┬───────────────┬─┘ v v v └──\> ┌─────────────┐ ┌─────────────┐ ┌─────────────┐ КР ӨКФПМК Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча региондор аралык башкармалыгы | жетекчилиги ┌────────────┐ КР ӨКФПМК └────────────┘ КР ӨКФПМК Борбордук \<───\> | КР ӨКФПМК Чүй жана Талас облустары боюнча региондор аралык башкармалыгы | Коллегиясы ┌────────────┐ \<───\> | КР ӨКФПМК Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары боюнча региондор аралык башкармалыгы | └────────────┘ | аппараты |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
|  |  |  |  |  |  |  |

v v v

| Райондук, райондор аралык бөлүмдөр |  | Райондук, райондор аралык бөлүмдөр |  | Райондук, райондор аралык бөлүмдөр |
| --- | --- | --- | --- | --- |
