# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92913>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14941/edition/1038081/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92913.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтому (30.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92913

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы № 128 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 185, 2017-жылдын 28-августундагы № 542, 2018-жылдын 6-июнундагы № 273 , 2018-жылдын 20-декабрындагы № 599, 2019-жылдын 30-декабрындагы № 382 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 708 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө" токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы өзүнүн чечимдерин белгиленген тартипте ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө. Бабанов
