# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №127 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №127 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92912>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14940/edition/742121/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92912.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №127 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому (15.07.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92912

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы №127 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө (В редакции постановления Правительства КР от 8 октября 2014 года № 584) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" жана 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралар жөнүндө" токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугуна көзөмөл жана тоо кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциянын атайын эсебинин каражаттарын кошкондо, материалдык-техникалык базасы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигинин укук улантуучусу катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында калтырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен бирдикте өнөр жай коопсуздугу жаатындагы контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына берилүүчү зарыл болгон материалдык-техникалык каражаттардын тизмесин аныктасын;

- үч айлык мөөнөттө ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболордун долбоорлорун жана ушул токтомдон келип чыккан Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы № 734 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-февралындагы № 108 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугуна көзөмөл жана тоо кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө" токтомунун 1-пункту.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө. Бабанов

2-тиркеме СХЕМА управления Государственного агентства по геологии и минеральным ресурсам при Правительстве Кыргызской Республики (В редакции постановления Правительства КР от 8 октября 2014 года № 584)
