# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 20.02.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92910>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14939/edition/459853/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92910.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому (24.06.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92910

---

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 372 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-февралы № 126 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-апрелиндеги № 253 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 "Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик башкаруу органдары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдар жөнүндө" жана 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин реформалоого байланыштуу уюштуруучу чаралар жөнүндө" токтомдоруна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобо № 1 тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы № 2 тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин, мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл функциясын кошпогондо, укуктук мураскери болуп эсептелээри белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигин каржылоону учурдагы финансы жылы үчүн республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги эки айлык мөөнөттө:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ведомстволук бөлүмдөр жөнүндө жоболорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин;

- нормативдик укуктук актыларды ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 19-сентябрындагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин алдындагы Айылдарды суу менен камсыздоо департаментин түзүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 542 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 751 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-ноябрындагы № 274 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту жөнүндө" токтомунун 5-пункту.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө. Бабанов

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин башкаруу СХЕМАСЫ

| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- |
| ┌──────────┐ Коллегия ├──────┼─────┤ Шаар куруу кеңеши └──────────┘ | ┌────────────────────┐ └────────────────────┘ |  |  |
| Борбордук аппарат |  |  |  |
| ┌──────────────────────┐ Аймактарды өнүктүрүү боюнча региондук өкүлчүлүктөр ├─────┼─────┤илим-изилдөө долбоорлоо └──────────────────────┘ ┌──────────────────────┐ Шаар куруу жана архитектура боюнча ├─────┼─────┤илим-изилдөө долбоорлоо аймактык органдар └──────────────────────┘ ┌──────────────────────┐ Курулуштагы сертификациялоонун республикалык борбору ├─────┼─────┤жана туристтик └──────────────────────┘ ┌──────────────────────┐ Турак жай - жарандык курулуш департаменти ├─────┼─────┤экспертизалоо ("Бирдиктүү заказчы") └──────────────────────┘ ┌───────────────────────┐ Ичүүчү суу менен камсыздоону жана суу ├────┴─────┤ мамлекеттик ишканасы бөлүштүрүүнү өнүктүрүү департаменти | ┌────────────────────────┐ └────────────────────────┘ ┌────────────────────────┐ └────────────────────────┘ ┌────────────────────────┐ └────────────────────────┘ ┌────────────────────────┐ └────────────────────────┘ ┌────────────────────────┐ |  | Кыргыз жер титирөөгө туруктуу курулуш институту Кыргыз шаар куруу институту Кыргыз курорттук-рекреациялык комплекстер боюнча илим-изилдөө долбоорлоо институту Мамлекеттик департаменти "Ала-Тоо Курулуш" |
