# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №772 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 307 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн ишин жөнгө салуучу документтерди бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №772 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 307 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн ишин жөнгө салуучу документтерди бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 772
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92890>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14930/edition/408360/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92890.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №772 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 307 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн ишин жөнгө салуучу документтерди бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92890

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 30-декабры № 772 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 307 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн ишин жөнгө салуучу документтерди бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 307 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн ишин жөнгө салуучу документтерди бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Авиациялык ишкана» мамлекеттик ишканасынын уставы төмөнкү мазмундагы 22-1-пункт менен толукталсын:

«22-1. Жылдык финансылык чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча Ишкананын таза пайдасынын 50 проценттен кем эмеси отчёттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке андан ары жиберүү менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин алыш-бериш эсебине которулат.».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө. Бабанов
