# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-декабрындагы №760 "Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-октябрында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги үчүн дзюдо менен машыгууга спорттук инвентарларды жакшыртуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-декабрындагы №760 "Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-октябрында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги үчүн дзюдо менен машыгууга спорттук инвентарларды жакшыртуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 760
- Кабыл алынган күнү: 19.12.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.12.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92884>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14929/edition/444246/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92884.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.12.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-декабрындагы №760 "Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-октябрында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги үчүн дзюдо менен машыгууга спорттук инвентарларды жакшыртуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтому (19.12.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92884

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 19-декабры № 760 Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-октябрында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги үчүн дзюдо менен машыгууга спорттук инвентарларды жакшыртуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында жана «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-октябрында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги үчүн дзюдо менен машыгууга спорттук инвентарларды жакшыртуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аны кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу

Ө. Бабанов

Долбоор

Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы

Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-октябрында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги үчүн дзюдо менен машыгууга спорттук инвентарларды жакшыртуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

1-берене. Бишкек шаарында 2011 -жылдын 7-октябрында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги үчүн дзюдо менен машыгууга спорттук инвентарларды жакшыртуу» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Гранттык макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
