# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-декабрындагы №758 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ар жылдык бюджетин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-декабрындагы №758 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ар жылдык бюджетин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 758
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92882>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14927/edition/1138189/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92882.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-декабрындагы №758 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ар жылдык бюджетин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (01.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92882

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 157 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 14-декабры № 758 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ар жылдык бюджетин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын республикалык бюджеттен пенсияларды төлөө чыгымдарын оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-майындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ар жылдык бюджетин аткаруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

- Пенсиялык фонддун камсыздандыруу төлөөлөрүн почталык тейлөөгө чыгымдардын нормасын белгилесин:

2011-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин - төлөөлөрдүн көлөмүнүн 1,5 проценти деңгээлинде; 2012-жылдын 1-январынан - төлөөлөрдүн көлөмүнүн 1,3 проценти деңгээлинде;

- пенсиялык каражаттарды мыйзамсыз эсептен чыгаруу жана максаттуу эмес пайдалануу фактыларын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын пенсияларды төлөөгө карата келишимдик милдеттерин аткаруу боюнча тартип бузууларды түп тамырынан жоюу боюнча чараларды көрсүн".

2. Бул токтом 2011-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу

Ө.Бабанов
