Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу токтому» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-10-17.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 17-октябры № 644 «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу токтому Мамлекеттин финансы башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунун финансылык отчёттуулугундагы бухгалтердик эсептин ачыктыгын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө. Бабанов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
«Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу
1-берене. «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2002-ж., № 6, 273-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-беренеде:
2-бөлүктөгү «бюджеттик мекемелер жана» деген сөздөр алып салынсын; төмөнкү мазмундагы 2-1. бөлүк менен толукталсын:
- «2-1. Кыргыз Республикасынын аймагында бюджеттик мекемелер колдонгон бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчёттуулукту түзүүнүн бирдиктүү усулдук негизи Бухгалтерлердин эл аралык федерациясы алдындагы Коомдук сектор үчүн финансылык отчёттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча кеңеш иштеп чыккан Коомдук сектор үчүн финансылык отчёттуулуктун эл аралык стандарттары болуп саналат.».
- 5-беренеде:
2-бөлүктөгү» Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги» деген сөздөр «Өкмөт» деген сөзгө алмаштырылсын; 6-беренеде: 1-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: «1. Кыргыз Республикасында бухгалтердик эсептин жалпы усулдук жетекчилигин камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.».
- 12-беренеде:
4-пункттагы «утурумдук жана» деген сөздөр алып салынсын. 2-берене. Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 2-мартындагы № 1700-V "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 02.03.2012 · № 1700-V
- КР ЖогоркуКенешинин 2012-жылдын 26-январындагы № 1542-V "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 26.01.2012 · № 1542-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 1815-V "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 06.04.2012 · № 1815-V
Шилтеме берет (2)
- Бухгалтердик эсеп жөнүндөЗакон · 29.04.2002 · № 76
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166