Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге 2011-жылы мүчөлүк жана үлүштүк акыларды төлөө тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-05-14.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 17-октябры № 642 Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге 2011-жылы мүчөлүк жана үлүштүк акыларды төлөө тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 285 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк жана үлүштүк акыларды төлөө маселелерин жөнгө салуу максатында, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акылары 2011-жылы биринчи кезекте төлөнө турган эл аралык уюмдардын жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелердин тизмеси 1 жана 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге мүчөлүк жана үлүштүк акыларды жогорудагы тиркемелерге ылайык төлөсүн.
3. Бул токтомдун 1, 2-тиркемелеринде көрсөтүлбөгөн эл аралык уюмдарга жана КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелерге акыларды төлөө боюнча финансылык милдеттенмелери бар министрликтер, мамлекеттик комитеттер администрациялык ведомстволор аларга республикалык бюджеттен каралган каражаттардын чегинен же атайын каражаттардын эсебинен акыларды төлөөнү жүргүзүшсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө. Бабанов
1-тиркеме
2011-жылы биринчи кезекте мүчөлүк акы төлөнө турган эл аралык уюмдардын
ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 285 токтомунун редакциясына ылайык)
| Уюмдардын аталышы | 2011-жылга бюджетте каралган (сом) |
|---|---|
| Дүйнөлүк банк | 926056,00 |
| Азия өнүктүрүү банкы | 53540613,57 |
| БУУнун регулярдык бюджети | 1099382,86 |
| Эл аралык Ислам Соода-Финансылык корпорациясы (ЭИСФК) | 0,00 |
| Европада коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюм (ЕККУ) | 2996273,79 |
| БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмдары (БУУнун ААУ) | 232037,58 |
| ЮНЕСКО (илим, маданият жана билим берүү маселеси боюнча БУУ уюму) | 172623,59 |
| Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясы (Түрк ПА) | 2735352,00 |
| Энергетикалык хартия (ЭХ) | 4856,56 |
| Укук аркылуу демократия үчүн Европа комиссиясы (Венеция комиссиясы) | 88172,41 |
| Эл аралык Почта союзу (ЭПС) | 2281547,40 |
| Жарандык авиация эл аралык уюму (ЖАЭУ) | 1463830,76 |
| Эл аралык электр байланыш союзу (ЭЭС) | 1993603,30 |
| Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча БУУ (ЮНИДО) | 50255,71 |
| Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) | 11252768,49 |
| ШКУнун региондук террорчулукка каршы түзүмү | 7390585,04 |
| Экономикалык кызматташтык уюму (ЭКУ) | 0,00 |
| ОИКтин Башкы катчылыгы | 6399477,82 |
| Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) | 904252,00 |
| Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ) | 210327,58 |
| Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ) | 23423,83 |
| Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) | 166958,27 |
| ЭККУнун Парламенттик ассамблеясы (ЭККУнун ПА) | 93986,25 |
| Туруктуу арбитраждык соттун эл аралык бюросу (ТАС) | 68054,90 |
| Дүйнөлүк метеорология уюму (ДМУ) | 707993,15 |
| Дүйнөлүк туристтик уюм (ЮНВТО) | 1582161,24 |
| Парламенттер аралык союз (ПАС) | 829289,30 |
| ОИКтин Парламенттик союзу (ОИКтин ПС) | 0,00 |
| Түрк маданияты эл аралык уюму (ТЮРКСОЙ) | 8202269,15 |
| Баалуу кагаздар боюнча комиссиялардын эл аралык уюму (IOSCO) | 1954034,88 |
| Архив эл аралык кеңеши (АЭК) | 18596,19 |
| БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгы (БУУнун АУЖКБ) | 46688,10 |
| Жыйынтыгы: | 107435471,72 |
2-тиркеме
2011-жылы биринчи кезекте мүчөлүк акы төлөнө турган КМШнын алкагындагы интеграциялык бирикмелердин
ТИЗМЕСИ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 285 токтомунун редакциясына ылайык)
| Уюмдардын аталышы | 2011-жылга бюджетте каралган (сом) |
|---|---|
| Евразиялык экономикалык коомдоштук (ЕврАзЭС) | 35068722,56 |
| Евразия өнүктүрүү банкы | 4509780,00 |
| Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) | 19770023,97 |
| Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин бирдиктүү бюджети | 8922149,23 |
| КМШ органдарында Кыргыз Республикасынын туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | 5544213,61 |
| КМШга катышуучу мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешинин алдындагы Аба чабуулунан коргонуу маселелери боюнча Координациялык комитет | 2000000,00 |
| КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы | 11123215,64 |
| ЕврАзЭСтин Кризиске каршы фонду (ККФ) | 4554260,00 |
| Жыйынтыгы: | 91492365,01 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 14-майындагы № 285 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 642 "Кыргыз Республикасы мүчө болгон эл аралык…Постановление · 14.05.2012 · № 285 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана…Постановление · 14.05.2012 · № 291 · Күчүн жоготкон