# Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 765 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 765 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 765
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92862>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14907/edition/434197/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92862.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 765 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92862

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 30-декабры № 765 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 228 "2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында талап-тоноолордун жана өрттөөлөрдүн кесепетинен жабыр тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 2-пункттун биринчи абзацындагы "атайын фонддо" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын резервдик фондунун каражатынын эсебинен" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-январындагы № 12 "Фермерлерге жеткиликтүү кредиттер" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункттун сегизинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын резервдик фондуна" деген сөздөр алып салынсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов
