# Постановление Правительства КР от 27 августа 2011 года №521 "Ата-эненин камкордугусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Постановление Правительства КР от 27 августа 2011 года №521 "Ата-эненин камкордугусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 521
- Кабыл алынган күнү: 27.08.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92851>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14900/edition/682145/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92851.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 27 августа 2011 года №521 "Ата-эненин камкордугусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (27.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92851

---

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 733 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 27-августу № 521 Балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын балдарын - жарандарын асыроо жол-жобосун иретке келтирүү, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин жоболорун турмушка ашыруу жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартибин белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ: (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- балдарды Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асыроого берүү тартиби жөнүндө жобо;

- адам ооруп калганда камкорчу (көзөмөлчү), багып алуучу ата-эне, асыроочу боло албай турган оорулардын тизмеси.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле чет өлкөлүк жарандарга асырап алууга ата-энесинен кароосуз калган балдарды берүүнүн эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 66-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-февралындагы № 117 "Балдарды асырап алуу маселелери жөнүндө" токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

А.Атамбаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-августундагы № 521 токтому менен бекитилген

Адам ооруп калганда камкорчу (көзөмөлчү), багып алуучу ата-эне, асыроочу боло албай турган оорулардын ТИЗМЕСИ

Эгерде адам төмөнкү оорулар менен ооруп жүрсө камкорчу (көзөмөлчү), багып алуучу ата-эне, асыроочу боло албайт, алар:

- I, II диспансердик эсепке алынган бейтаптарда локализациянын бардык формаларындагы кургак учук (активдүү жана өнөкөт);

- бардык локализациядагы залалдуу онкологиялык оорулар;

- наркомания, токсикомания, алкоголизм;

- бейтаптар жөндөмсүз же жөндөмдүүлүгү чектелген болуп белгиленген тартипте таанылган психикалык оорулар;

- ички органдардын, нерв системасынын, таяныч-кыймылдатуучу аппараттын толук эмес ремиссия жана декомпенсация стадиясындагы өнөкөт узакка созулган оорулары;

- инфекциялык оорулар: өнөкөт вирустуу гепатит "В", "Д" формасы менен айкалышканда жана өнөкөт вирустук гепатит "С", толук айыкканга чейин;

- диспансердик эсепке алуудан чыгарганга чейин бардык катуу кармаган жана өнөкөт инфекциялык оорулар;

- ВИЧ-инфекциясы, СПИД;

- бул тизмеге кирбеген жана эмгекке жөндөмсүз кылган, I жана II топтогу майыптыкка алып келген бардык оорулар жана травмалар.
