# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы №741 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы №741 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 741
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/92838>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-14894/edition/761058/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/92838.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы №741 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө" токтому (29.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/92838

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 29-ноябры №741 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын өтөөнүн маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-июлу № 428 токтомунун редакциясына ылайык) "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кесипкөй мамлекеттик кызматтын ырааттуулугун, туруктуулугун жана көз карандысыздыгын камсыздоо, мамлекеттик кызматка квалификациялык кадрларды тартуу, мамлекеттик кызматты башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматындагы мамлекеттик административдик кызматтын бош орунун ээлөө үчүн конкурс өткөрүү жөнүндө убактылуу жобо;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик административдик кызматынын бош орундарын ээлөөгө талапкерлерди жана мамлекеттик кызматчыларды тесттен өткөрүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо;

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо;

- Мамлекеттик органдын ички кадрлар резервин түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

А. Атамбаев
