Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек-Торугарт автожолун реабилитациялоо боюнча долбоору) ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 29-ноябры № 739 "Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек-Торугарт автожолун реабилитациялоо боюнча долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек-Торугарт автожолун реабилитациялоо боюнча долбоору) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-пунктуна ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
А. Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек-Торугарт автожолун реабилитациялоо боюнча долбоору) ратификациялоо жөнүндө 1-берене. Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Бишкек-Торугарт автожолун реабилитациялоо боюнча долбоору) ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордун аткарылгандыгы жөнүндө Сауд өнүктүрүү фондуна белгиленген тартипте билдирсин. 3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Бишкек шаарында 2011-жылдын7-сентябрында Кыргыз Республикасыменен Араб Экономикасын Өнүктүрүү Кувейт Фонду (Бишкек-Нарын-Торугарт жол коридорун реабилитациялоо боюнча долбоору) ортосунда кол коюлган кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу Борбордук - Азиялык региондогу, ЦАРЭСтин демилгесинин чегинде, 6 (алты) приоритеттүү жана конкурентке жөндөмдүү транспорттук коридорлордун бири катары аныкталган. Бул магистралдык жолдун жалпы узундугу 539 км-ди түзөт жана реконструкциялоого 378 млн.АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылат. 2009-жылдын октябрындагы тегерек столдун жүрүшүндө Араб Координациялык Тобунун катышуусу менен макулдашуу Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун 272-365 чакырымын каржылоо 72,35 млн. доллар АКШ өлчөмүндө жетишилген. Араб Координациялык тобу, бул Сауд Өнүктүрүү Банкы, Кувейт Фонду Араб Экономикасын Өнүктүрүү, Абу Даби өнүктүрүү Фонду, ОПЕК эл аралык өнүктүрүү Фонду жана Ислам Өнүктүрүү Банкы болуп саналат. Араб Координациялык Тобунун кредиттик каражаттары 5 каржылоо булактан бөлүнөт, булар Ислам Өнүктүрүү Банкы 23,4% түзөт жалпы каржылоо боюнча, Сауд Өнүктүрүү Банкы 20,8%, Кувейт Фонду Араб Экономикасын Өнүктүрүү 16,4%, ОПЕК 10,2%, Абу-Даби фонду 20,8% жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каражаты 8,4% түзөт. Бишкек шаарында 2010-жылдын 4-августунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы Бишкек Торугарт автомобиль жолун реконструкциялоо долбоорун каржылоо боюнча кредиттик макулдашууну 06.10.2010-ж. № 135 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декрети менен ратификацияланды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары менен 07.02.2011-ж. № 23-б, 03.05.2011-ж. № 153-б, 03.05.2011-ж. № 154-б, жана 19.05.2011-ж. № 179-б ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунун, Сауд өнүктүрүү фондунун, Кувейт фонду араб экономикасын өнүктүрүү жана Абу-Даби өнүктүрүү фондунун кредиттик макулдашуулары жактырылган. Австриянын Вена шаарында 2011-жылдын 9-июнунда кол коюлган Бишкек-Торугарт автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен 06.09.2011-ж. № 534 жактырылды. Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-сентябрында Араб Экономикасын Өнүктүрүү Кувейт Фонду менен Кредиттик макулдашууга кол коюлду. Кыргыз Республикасы менен Кувейт Фонду Араб Экономикасын Өнүктүрүү ортосундагы Кредиттик келишимдин шарттарына ылайык 11.900 млн. АКШ долл. өлчөмүндө кредит берүүдө, кредиттин төлөө убактысы 20 жыл, 4 жыл жеңилдик, жылдык 1,5%. Бул акча каражаттары Бишкек-Торугарт автожолун абалын жакшыртуу, жер жумуштарын жүргүзүү, асфальттоо жана дренаж иштери, көпүрөлөрдү реконструкциялоо үчүн пайдаланылат. Жол эки тилке кыймылдан турат, негизинен эңи 7 м, бирок кээ бир жерлерде жолдун эңдүүлүгү 10,5 м-ге жетет, 2,5 м каптал жактары менен. Жолдун бул участогунда сунушталуучу техникалык категория III. Жогоруда аталган Кредиттик макулдашуунун долбоору КР Жогорку Кеңешинин 3 комитетинде жактыруу процедурасынан өткөнүн белгилеп кетүү керек:
- транспорт, коммуникациялар, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитет;
- бюджет жана каржы комитети;
- эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитет.
Жогорудагылардын негизинде, КР Өкмөтү "Бишкек шаарында 2011-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасы менен Араб Экономикасын Өнүктүрүү Кувейт Фонду (Бишкек-Нарын-Торугарт жол коридорун реабилитациялоо боюнча долбоору) ортосунда кол коюлган кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору кароого жана макулдашууга киргизилет.
Министр
Э.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 1799-V "Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы…Постановление · 06.04.2012 · № 1799-V
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги №245 "Бишкек шаарында 2012-жылдын 8-февралында кол коюлган Бишкек-Торугарт автомобиль жолун (Долон - Ат-Башы участогу) реабилитациялоо…Постановление · 17.04.2012 · № 245
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 1798-V "Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы…Постановление · 06.04.2012 · № 1798-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 2-мартындагы № 1689-V "Бишкек шаарында 2011-жылдын 13-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд Өнүктүрүү Фондунун ортосундагы…Постановление · 02.03.2012 · № 1689-V
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-сентябрындагы №534 "Австриянын Вена шаарында 2011-жылдын 9-июнунда кол коюлган Бишкек-Торугарт автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча Кыргыз…Постановление · 06.09.2011 · № 534
- 2011-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Өнүктүрүүнүн Сауд Фондунун (Бишкек-Торугарт автожолун калыбына келтирүү долбоору боюнча)…Закон · 23.04.2012 · № 42
- 2011-жылдын 7-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Араб Экономикалык Өнүктүрүү Кувейт фондунун ортосундагы Кредиттик макулдашууну…Закон · 23.04.2012 · № 44
- Вена шаарында (Австрия) 2011-жылдын 9-июнунда кол коюлган Бишкек-Торугарт автожолун реконструкциялоо долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун…Закон · 31.10.2011 · № 190
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон